Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Т. Кулатов айыл аймагынын тургундарын таза суу менен камсыз кылып жатат.
«28-июнь күнү Абшыр-Ата эс алуу жайында сел жүргөн. Сел өтө катуу болгондугуна байланыштуу Т. Кулатов, Көк-Жар жана Төөлөс айылдарында суу чыкпай калган. Себеби суу кетүүчү түтүктөрдү сел агызып кеткен. Бүгүн айыл тургундарын суу менен камсыздап жатабыз. Жакында эле түтүктөрдү оңдоп өз абалына келтирдик. 2 күндүн ичинде таза суу чыгат», — деп билдирди Ак-Чал айылынын айыл башчысы Бекболот Ракманкулов.
Т. Кулатов айылынын элине жардам катарында кызмат кылууга келдик. Таза суу чыкпаганына байланыштуу биз бул өрт өчүргүч автомобиль менен күнүнө эки ирет айыл тургундарын таза суу менен камсыздап жатабыз. Биз бул сууну Кызыл-Кыя шаарынан ташуудабыз», — деп билдирди
Кадамжай районунун №76 Өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн кызматкери Лейтенант Турсункулов.
Даярдаган: Көчкөнбаева Жумагүл