Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан 43-кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрүнө орто билими тууралуу аттестат тапшырылды. Быйылкы жылы окуу жайды ар тармактагы кесиптикте 7 тайпада окушкан айыл чарбасынын устаты, тигүүчү, ашпозчу-кондитер сыяктуу адистердин ээлери окуп чыгышты. Алар аз саны өз кесиби менен иштеп кетишсе, дээрлик көпчүлүгү окууну улантуу үчүн жогорку окуу жайына тапшырууну көздөшөт.
Кесиптик лицейди аяктаган жаш адистер билим жолундагы алгачкы кадамдарын кесиптик лицейден баштаган туура деп эсептешет.
Окуу жайды аяктаган бүтүрүүчүлөр менен баарлашканда төмөнкүчө ойлорун билдиришти:
“Азыр биздей жаштарга жогорку окуу жайында окуганда акча каражатынан кыйналып калбаш үчүн кошумча жумуш иштөөгө туура келет. Бирок колуңда тастыктаган документиң болбосо ишкерлер дагы жумушка алуудан баш тартышат. Биздин билимге болгон аракетибизди жогорку билимге болгон каалообузга жетүүгө обөлгө болгон, бийик максаттарга жетелеген документибиз кесиптик лицейден алган дипломубуз болот деп ишенебиз”
Турсун Омуралиева