Ак-Талаа районунда кызамыкка эмдөөдөн баш тарткандар болууда. Тактап айтканда, 27 адам диний ишенимден, ал эми 11 адам (жалпы 38) шектенүү көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткан. Мындай маалымат бүгүн социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча көп секторлуу координациялык кеңеште белгилүү болду.
Өтүлгөн кеңешмеге акимдин орун басары Каныбек Эсеналиев, Нарын райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун (НРАОАА жана МСЭКБ) Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн жетекчиси Эрлан Бекишов, РЖДПБнун директору Азамат Дүйшөналиев, айыл өкмөттөрдүн адистери, айылдык ден-соолук комитетинин, ФАПтын кызматкерлери жана ветеринардык адистер катышты.
Анда райондо бруцеллез, кызамык, ВИЧ-СПИД, кургак учук илдеттерин алдын-алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды. Нарын райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун (НРАОАА жана МСЭКБ) Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн жетекчиси Эрлан Бекишовдун айтымында аталган илдетке эмдөө мажбурлоо жолу менен жасалбайт.
“Каалагандар эмдөөдөн өтө алат. Кызамыктын кесепетин билбей жатышат. Бул абдан кооптуу, курч жугуштуу илдет, көз, мээ, өпкө жабыркайт. 1 жана 6 жашында эмдөө албагандар ооруйт. Райондо катталган 6 баланын ичинен 3нүн жашы эмдөөгө жете элек болсо, экөө убагында кызамыкка каршы эмдөө алган эмес. Бирөө белгисиз”,- деди ал.
Барчын Мамытбекова