12-июль күнү Т.Кулатов айыл өкмөтүндө №28 “Абшыр-Ата” Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Айтибаев Курбанбек, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Субагожоев Жакыпбек, Ош облустук ишки иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Ахунов Ашырбек, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Т.Осконалиев, Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Саттарали Миңбаев жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.
№28 “Абшыр-Ата” Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун курулушунун сметалык баасы 22 млн 352 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду. Курулуш иштери 2021-жылы башталып, бүгүнкү күндө ачылыш аземи болуп олтурат. Азыркы учурда Абшыр-Ата жана Кожо-Арык айылдарынын 8000 тургуну тейленип жатат», — деп билдирди Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Саттарали Миңбаев.
№28 «Абшыр-Ата» Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунунда 15 орто медицина кызматкерлери жана 4 дарыгер кызмат кылууда. Оорукананын ачылышына жергиликтүү тургундар үчүн сүйүнүчтүү жаңылык болду. Себеби, Т. Кулатов айыл аймагынын тургундары 7ден 14 километрге чейинки аралыктагы Арык-Тейт айылындагы ооруканага барып дарыланып келишкен, бүгүнкү күндө айыл тургундары үчүн бир топ жеңилдиктер жаралды.
Жумагүл Көчкөнбаева