Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында Арык-Тейт айылындагы милиция кызматкерлеринин аймактык таяныч пунктунун имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
«Арык-Тейт айылындагы милиция кызматкерлерине аймактык таяныч пунктунун курулушунун сметалык баасы 1 млн сомду түзөт. Курулуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган. Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан керектүү эмеректер алынып берилди. Курулуш иштери февраль айында башталып, бүгүнкү күндө ачылыш аземи болуп олтурат», — деп билдирди Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Саттарали Минбаев
Жумагүл Көчкөнбаева