Жалал- абад облусундагы, Тогуз- Торо районуна караштуу Каргалык айыл өкмөтүнүн тургундары Медина Бакытова жана Лазина Сманова жаңы жыл алдында Аяз-Атага кат жазышып, өз тилектерин билдиришкен. Медина Аяз-Атадан балаты жасалгасы менен ал эми Лазина болсо чана сураган.

Бул жылуу каттардын негизинде бүгүн Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев жана Каргалык айылдык кеңештин төрагасы Таалайбек Токтоболотов кыздарга Аяз-Атадан сураган белектерин тапшырып, жаңы жылдык маанайды тартуулашты.

Ошондой эле кыздарга балатыга арналган белектер жана таттуулар берилди.
Анара Мааметова