22-июль күнү Сон-Көл жайлоосунда Нарын облусунун кол өнөрчүлөрү 100 метр шырдак жасоо менен Гиннес рекорддор китебине киргизүү максатында фестиваль өттү.
КР Президентинин 2021-жылдын 19-январындагы»Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбия жөнүндө» Кыргыз Республикасында кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө жарлыктарына ылайык 2022-жылдын 22-июлунда Сон-Көл жайлоосунда «Кыргыз көчү-2022» жана «Эң узун шырдак Нарында» аттуу фестиваль өткөрүлдү.
Фестивалдын уюштуруучусу жана идеянын автору Кочкор айылынын тургуну Саадагүл Садыковадан маалымат алдык:
«Фестивалды Сон-Көлгө өткөрүү идеясын ишке ашырууда көптөгөн кыйынчылыктарга туш болдук. Бирок менин идеямды колдогон бардык адамдарга ыраазычылык билдирем. Биздин чоң иш-чарага Нарын облусунун Кочкор, Нарын, Жумгал, Ат-Башы районунун кол өнөрчүлөрү катышты. Эң негизги биздин максатыбыз бул кыргыз шырдагын Гиннес рекорддор китебине киргизүү. Буюрса каттоодон өтүп койдук, эми алдыдагы 3 ай аралыгында шырдак боюнча көп маалымат материал топто жумушу турат. Фестиваль өткөрүү бул биздин алгачкы кадамдарыбыздын бири болчу,анткени экинчи максатыбыз бул кол өнөрчүлөрдүн улуттук шырдакты дүйнөгө даңазалоо жана туризмди өнүктүрүү боюнча ушундай иш-чараларды уюштурдук. Эми өкмөт тарабынан жана коомдун колдоосун күтүп жатабыз.
Эң биринчилерден болуп менин демилгемди улуу муундагы кол өнөрчүлор колдоого алышты, эң активдүү бул Кочкор айылында жайгашкан «Алтын кол» Коомдук Бирикме болду.Бирок кол өнөрчүлүккө жаштарды дагы тартуу бул биздин түзмө-түз милдетибиз,анткени байыртадан келе жаткан карт тарыхы бар шырдагыбыз,түбөлүккө калтыруу максатында көптөгөн аракеттерди жасай бермекмин», -деп сөзүн аяктады.
«Энелер шаңы» шайыр апалар тобу
Фестиваль фольклордук музыкалык коштоолор менен конокторго шаңдуу маанай тартуулашты, кол өнөрчүлүк боюнча мастер класстар уюштурулду, чет элдик жарандарга жана конокторго салттуу көргөзмөлөр тартууланды. Ошондой эле кыргыз элин даңазалаган улуттук ат оюндары көрсөтүлдү.
Нурия Карымбаева