Токтоян айылынын тургуну Бекбоо Абдылдаев согуш жылдарында жоголуп кеткен карындашын издеп келет. Карындашы Украинадан дайынсыз жок болуп кеткен.
«Бизди байдын тукумдары, өкмөткө каршы деп кулакка тартып Украинага айдашты. Мен Кыргызстандан 3 жашымда кетиптирмин. Украинадан төрөлгөн болчу. Аты Абдылдаева Лида Бөдөнбаевна. Карындашым калып калган бойдон мен биякка келдим. Анда мен жаш келип калдым. Анан келгенден кийин 1941-жылы согуш чыгып кетти. Биз балдар үйүндө болгонбуз, ошол жактагы жетим балдардын баарын немецтер өз жерине алып кетишти. Ошол боюнча эле калып калды. Балким Лиданы да алып кетишкендир…» , — деп эскерди ал.
Украинада атайын кыргыздардын кыштагы бар болчу Чалбас деген. Украинага айдаган байлардын баары ошол жакта болчу. Карындашым ошондо согуштан мурун жоголгон», — деп билдирди Бекбоо ата.
Азыр Бекбоо ата кичүү баласынын колунда турат. Биринчи неберем төрөлгөндө карындашым «Чалбас» деген кыштактан жоголгонуна байланыштуу эстеп жүрөйүн деп Чалбас деп койгом, дейт Бекбоо Абдылдаев.
Даярдаган: Адина Осмонова, Гүлжан Нуркасым кызы.
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»