Баетов айыл аймагында көрктөндүрүү-жашылдандыруу максатындагы эки айлыктын жүрүшү менен тал-терек жана карагайлардын жаш көчөттөрү алынып келинди. Айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлери карагайларды согуштун жана тылдын ардагерлеринин үйлөрүнө отургузуп беришти.
Бул боюнча айыл округ башчысы Турусбеков Талант мындай дейт: “Бул өзүңүздөр көрүп турган карагайлар экологияны коргоо долбоорунун негизинде келген. Карагайларды ооруктун жана согуштун ардагерлеринин үйүнө тигип берели деп жатабыз”.
Карагайларды отургузууну согуштун ардагери Байбачаев Кубаталы карыянын үйүнөн башташты. Жаштар белгиленген жерге карагайларды тигип, суу куюп, карыянын батасын алышты: Карагайларды тигип берип жаткан балдарга баарыңарга рахмат. Узун өмүр сүргүлө. Бактылуу болгула! деп батасын берди Байбачаев.
Ал эми Кубаталы карыянын кызы Айчүрөк эже Улуу Жеңишке арналган белекке ыраазычылыгын жашырган жок.
“Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата көрсөткөн сыйыңыздарга рахмат. Бул майрам барыбызга кут болсун. Тынчтык болсун”.
Улуу Ата Мекендик согуш башталганда 3-класста окуган Нарынкүл апа ал апаат күндү мындай эскерди: “Айылда жалаң жаштар, келиндер калды. Жаш балдар калды чийне тартып. Жайлата чөп чаптык чөп бооладык, отодук. Ачарчылык болду. Согушта солдаттар кандай кырылса ачарчылыктан элдер ошондой кырылды. 1941-жылы кар калың туштү. Эрте түштү. Эгиндин баары талаада калды. Айдын башында бир чакадан арпа берет. Ошону тегирменге тартып айдын аягына жеткиребиз”.
Улуу Жеңишти утурлап бакчасына бак отургузуп жаткан жаштарга Нарынкүл апа жакшы тилегин билдирди: “Эми жамандык болбосун, тынччлык болсун. Келаткан жаштарыбыз өнө берсин, өсө берсин. Согуш деген соолуп калсын!»
Ооба согуш соолуп калсын. Дүйнөдө тынчтык болуп, бөбөктөрдүн күлкусү жаңырып турсун. Элибиз тынчтыкта өнүгүп өссүн.
Даярдаган: Б. Мамытбекова
the scarlet letter essay buy college essays gun control essays