Азыркы учурда Ковид 19- вирустук оорусуна байланыштуу адамдардын ден соолугуна көбүрөөк кам көрүү керек экендиги баарыбызга маалым болду. Балдардын да ден соолугуна өзгөчө кам көрүү, алардын иммундук системасын бекемдөө, дем алуу органдарын жакшы иштетүү багытында таза абадагы кыймылдуу оюндар чоң мааниге ээ.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылында айыл өкмөтү тарабынан 2020-жылдан тартып, атайын балдар үчүн эс алуучу парк курула баштаган. Алгач, парктын аянтчасы аныкталып, айланасы атайын кооздолгон тосмо менен курчалган. Куруу иштери Ковид 19- вирустук оорусуна байланыштуу бир аз жайлап калган. 2021-жылдын жаз айларынан баштап, кайрадан куруу иштери колго алынып, жумушчулар өз иштерин улантышууда.
Парктын курулушу боюнча Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Айдай Узакбаева төмөндөгүлөргө токтолду:
“Балдар — биздин келечегибиз, ошондуктан келечегибиздин мыкты болушу үчүн биз балдарга ар тараптан кам көрүшүбүз керек. Бул паркты куруубуздун негизги максаты, биринчиден, балдардын ден- соолугун чыңдоо жана маданияттуу эс алуу шартын түзүп берүү. Экинчиден, парктагы өсүмдүктөрдү, бактарды өстүрүүгө балдар өзүлөрү катышып, табиятка таттуу мамиле кылууну үйрөнүшөт. Үчүнчүдөн, балдар эмгектенүүгө, бири – бири менен мамилелешүүгө, сыйлоого үйрөнүшөт. Биздин айылда атайын балдар үчүн аянтчалар жок. Жергиликтүү бийликтин демилгеси менен бул паркты куруу чечимин кабыл алганбыз. Адегенде, ал үчүн Казан-Куйган айыл өкмөтү жүз миң сом акча каражатын бөлүп берген. Мындан сырткары, айылыбыздын өнүгүшүнө зор салымын кошкон жеке ишкер Алмазбек Баатырбеков демөөрчүлүк кылып, эки жүз миң сом акча каражатын бөлүп берген.
Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу максатында жаз айлары менен паркка кара бак, терек сыяктуу жалпысынан алганда 470 түп бак отургузулган. Мындан сырткары, балаты, жаратылышка көрк берген ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрүн да отургузуп жатабыз.”
Айылда парктын курулушу боюнча айыл тургундары эмне дейт?
“Балдардын келечеги үчүн айыл өкмөтү тарабынан парк курулуп жаткандыгы баарыбызды кубандырат. Парктын салынышы боюнча көз карашым абдан жакшы. Балдар үчүн абдан мыкты шарттар түзүлүп жатат. Балдар биздин келечегибиз болгондуктан таза, жакшы, кенен жерде ойношуп, маданияттуу эс алууга көнүгүшөт. Балдардын билимдүү, илимдүү, тарбиялуу балдар болуп өсүшүнө түрткү берет. Бул парк балдарга гана эмес ата-энелер үчүн дагы абдан жакшы. Себеби, балдар чоң жолдо эмес коопсуз жерде ойноп турушса, ата-эне дагы сарсанаа болбойт”,-дейт айыл тургуну Сагын Ажиева.
“Бул абдан жакшы инициатива. Боосу бек болсун! Биз балдар деп жашап жүрөбүз! Балдарыбыз таза жерге ойносо, билимдүү, акылдуу болушса, мамлекетибизге, элибизге, ата-энеге жакшы. Балдар таза жерге ойносо, алардын сезими да таза болот. Менин каалоом, балдарыбыз аман –эсен болуп, эли жери, ата-энеси, бир туугандары, мамлекети менен бирге болушсун”,- дейт айыл ардагери Асан Жумашов.
Оттук айылында заманбап китепкана курулууда
Айтунук Уланбек кызы