Кочкор районунун «Соң-Көл» орто мектебин 20 окуучу бүттү. Алардын 11 кыздар 9 эркек балдар. Ал эми босого баллдан 9 окуучу өттү.
Мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр 24-июнь күнү аттесттарын колго алышып, ЖРТнын жыйынтыгын угушту. 9 кыз босого баллдан өтүшсө, калган 9 окуучу жыйынтыгына нааразы деле болбостон, ага карабай өздөрү жактырган окуу жайга барып, контракттык негизде окуй турганын билдиришти.
«ЖРТнын жыйынтыгы жакшы чыкты, негизи босого баллдан өткөндөргө үч мүмкүнчүлүк берилет экен. Андыктан мен үч талонду үч жогорку окуу жайга таштайын деп жатам. Алар: БГУга, КМУга, «Кыргыз Түрк Манас» университетине. Мектепте окуп жүргөндө кыргыз тили жана адабияты мугалими Бурул Майрамбек кызы мени олимпиадага алып барчу, андыктан келечекте филолог болсом дейм», -дейт Нуркыз Мусаева.
«Мен ЖРТдан алган баллыма маанай чөгөргөн жокмун. Бул да болсо менин аракетим. Ал эми келечекте дин таануучу болгум келет. Ошондуктан, келечекте мыкты адис болоюн деп жакшы окуу жайларды карап жатам дейт»,- Данияр Муратбек уулу.
Альбина Арстанбек кызы: «ЖРТны ийгиликтүү тапшыруу үчүн көп аракет кылдым. Атайын курсттарга бардым. Анын акыбети кайтып, жакшы баллга ээ болдум. Келечекте англис тили сабагынан берген мугалим же котормочу болгум келет. Бул менин көптөн берки кыялым. Буюрса ата-энемдин ишеничин актайм. Бирок ЖРТдан өзүм жогорку балл алам деп күттүм эле, андай болгон. Антсе да буга да шүгүр кылам».
«ЖРТдан 81 балл алып калдым. Көп аракет кылдым эле бирок азыраак көрсөткүч болуп калды. ЖРТнын жыйынтыгы жакшы болсо алдыңкы окуу жайларга барсам деп кыялдангам. Бирок андай болбой калды. Эми кайсы кесипти тандаш керек экенин чынында эле ЖРТ эле чечип коёт экен. Ошентсе да электро монтаж кесибин тандадым»,-дейт Айдар Кеңешов.
Кызыл-Булак: Бүтүрүүчүлөр аттестаттарын колдоруна алышты
Айпери Марлес кызы