Жаңы-Жер жамааттык медиа борборунун ыктыярчы-кабарчылары айыл тургундарынан коронавирус жөнүндө жалган маалымат таратуу, COVID-19 илдетине каршы вакцина алууга фейк жаӊылыктардын жайылышын иликтөө максатында сурамжылоо жүргүзүштү.
Жаңы-Жер айыл эли COVID-19 илдетине каршы вакцина алууга медиасабаттуулугунан кабары бар экенин билүү үчүн ар кандай жаш курактагы адамдардын ой пикирин уктук.
Белгилей кетсек, былтыркы жылы өлкөдө карантин учурунда коронавирус жана салттык эмес дарылоо жөнүндө жалган маалыматтар таралып баштаганын айтты. Ошондо дин башкармалыгы фейк маалыматтарды жана ушактарды төгүндөп, атайын роликтерди даярдап коомдук тармактар жана мессенджерлер аркылуу мусулман жамаатына жайылтты.
Жаңы-Жер айылындагы “Бек-Тоо” көчөсүнүн тургуну өз көчөсүнүн жашоочулары үчүн “Юнус Ата” намазканасын ачкан Махмуд Арзыкулов:
«Юнус Ата»намазканасын курган Махмуд Арзыкулов менен маектешүү учуру
«Вакцина боюнча айта турган болсом, мен өзүм да вакцина алганмын. Мамлекет тарабынан текшерилген, натыйжа көрсөткүчтөр жакшы экенин билип туруп эмнеге эмдөөдөн өтпөш керек. Бизде бул маселе боюнча кандайдыр бир чектөө жана тыюулар болбош керек. Эгер вакцина алгысы келбегендер болсо биз эч кимди кыйнабайбыз. Баары өз эрки менен болушу керек деп ойлоймун».
Ушул эле айылдын тургуну Жамбыкан апа:
Айылдын тургуну Жамбыкан апа
“Мен вакцина алуу боюнча көз карашым ар кандай болуучу. Мен вакцина алуу боюнча биринчи жакындардан жана тааныштардан сурадым. Россияда иштеген уул келиндерим “Апа вакцина ала берелиби?” -деп сурашканда, кененирээк маалымат алуу үчүн медицина кызматкери болуп иштеген сиңдиме дагы чалып сурадым. Сиңдимдин айтуусу боюнча жолдошу бала чакасы бүт үй-бүлөсү менен алышыптыр. Ошондо вакцина алуу керек экен деп толук ынандым. Туура да жөн эле ооруп өлүп калганча вакцина алып өзүңдү сактаганың жакшы да”.
Ал эми дагы бир айыл тургуну Алмаз Сапаралиевдин оюу боюнча:
Алмаз Сапаралиев
“Мен вакцина алууга эч каршы эмесмин. Вакцинаны сөзсүз алуу керек. Мен башкаларга дагы кайрылат элем ар кандай фейк маалыматтарга ишенбей вакцина алгыла деп. Себеби, азыр интернет булактарында ар кандай жалган маалыматтарды таратып элдин башын айландырып жатышпайбы.”
Жаңы-Жер айылынын жашоочусу Рахат Акматалиевага суроо узатканыбызда вакцина алууга каршы экенин билдирди:
Рахат Акматалиева
“Мен вакцина албайт болуучумун, анткени, вакцина мага жардам берерине ким кепилдик бере алат. Менин организимим өзү эле туруштук бере алат деп ишенем. Мен вакцина албаймын жана вакцина алууга каршымын”.
Турсун Омуралиева