Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылында коронавирус оорусу менен 3 адам катталды. Бул тууралуу Казан-Куйган айылындагы оорукананын башкы дарыгери Замир Эсенгулов билдирди.
Башкы дарыгер Замир Эсенгулов оорулууларды көрүү учуру
«Азыркы учурда коронавирус оорусу менен жаңы катталгандардын саны 3. Буга чейин пневмония оорусу менен 17 адам катталган. Жаңы катталган адамдар атайын изоляция бөлүмүндө дарыланып жатышат. Абалдары жакшы. Негизинен адамдар вакцина алган учурда коронавирус жугуп калса, ооруну жеңил өткөрүшөт. Айылда эмдөө иштерине социалдык тармактардагы вакцина тууралуу фейк маалыматтар тоскоолдук жаратууда. Айрым айыл тургундары дал ушул маалыматтарга ишенип, эмдөөдөн баш тартышууда. Бул ооруну жеңүүнүн бирден бир бөлүгү – бул эмдөөдөн өтүү деп айтаар элем”,-дейт Замир Эсенгулов.
Мейдайым Гүлжан Акматова кан басым ченеп жаткан учур
Айылда өз каалоосу менен келип эмдөөдөн өткөндөр бар
Азыркы учурда айылдын 35% эмдөөдөн өткөндөр. Биринчилерден болуп мугалимдер, бала бакча тарбиячылары, медициналык кызматкерлер жана мамлекеттик мекемелердин жумушчулары өтүшкөн.
Акылай Алмазбекова