Мидин Өмүркожоев Ысык-Көл облусунун Теплоключенко айылынын тургуну. Мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенген каарманыбыз айыл чарба багытында ар дайым жаңычылыктарды жаратууга аракеттенип келет. Ал бизге берген маегинде гидропоника ыкмасы жана өзү жараткан “Жака” аталышында картошканын жаңы сорту тууралуу айтып берди.
— Гидропоника ыкмасы менен арпа, буудайды кантип өстүрүп калдыңыз?
— Бул ыкма менен бир гана арпаны эмес, ар түрдүү өсүмдүктү бир жумалык убакытта өстүрүп чыгууга болот. Анда өстүрүлгөн арпа, буудайды адам деле, мал жандыктары деле жегенге болот. Гидропоника ыкмасы менен өскөн азык витаминге бай болуп, керектүү элементтердин бардыгын кыска убакытта өзүнө чогултат. Малга дагы жагымдуу деп көп жерден окуп калдым. Анан практика жүзүндө ишке ашырып көрүүнү туура таптым. Өзүм айыл чарба багытында ар түрдүү нерселерди жаратууга кызыгам. Мурун картошканын жаңы сортун чыгарып көрсөмбү деп 3-4 жылдын ичинде жаңы сорттогу картошка чыгаргам. Ал эми гидропоника ыкмасы менен арпа, буудай өстүрүп, бирок биринчи жылы жакшы жыйынтыкка жетише алган жокмун. Кийинки жылы дагы аракет кылып өстүрүп, малга кышы бою берип чыктым. Бул абдан жакшы нерсе экен. 1кг арпадан бир жуманын ичинде 5 кг жогору түшүм алып, малга берип жаттым.
— Бул ыкма менен арпа, буудайды кандай шартта өстүрүү керек?
— Бул жабык шартта өстүрүлөт. Ошол жердеги температура 15 -18 градуста болуусу керек. 10-12 градус жылуулукта деле өстүрүп жүрүшөт, бирок анда өсүү темпи жайлап калат. Ал эми адам өзүнө азык катары колдонууда 3-4-күндөн тарта колдонсо болот. Бул учурда ал бышып, жетилип турган учуру болот. 8-күндөрү болсо бул 12 смге чейин өсүп кетет.
— Бул ыкманы өздөштүрүү оңой эле болот бекен?
— Интернеттен гидропоника дегенди көрүп калып кызыгып, өстүрүп көрөйүн дедим. Биринчи жылы өсүп келип эле токтоп же өнбөй калып жатты. Негизи бул ыкма менен өстүрүүдө ар дайым бирдей жыйынтыкка жетесиң деп айтууга болбойт. Биз деле ар күнү ар башкача жыйынтык алып жаттык. Бир күнү тамыры алсыз болуп өнүп калат, биринде бою жапыз болуп калат. Кылдат мамилени талап кылат.
— Өстүрүү кадамдары боюнча айтып берсеңиз…
— Биринчи алган арпа же буудайды муздак сууга жакшы жууп алуу керек. Үстүндөгү кебектери, чаңдарынан арылуу зарыл. Андан кийин аны сарыктырып, бир саатка чукул күтө турабыз. Анан бөлмө температурасындагы сууга бир суткага чыланат. Айрымдар ошол 1 сутка ичинде вакуум кылып, аба берип жатат. Мен андай кылбайм, ящиктерди колдоном. Ороп туруп эле ошол ящиктерге жарым суткага жетпеген убакытка койсом, меники ушул ыкмада өнө баштады. 3-күнү өнүмү жакшы болгондо, атайын идиштерге жаям. Күнүнө 2 маал жылуу суу менен сугарып турам. 8-күнгө келгенде тамыры 4 см жетип калат. Малга бергенде дагы жакшы өзгөрүүлөр болду. Малдын сүттүүлүгү көбөйүп, организмине жардамчы болду. Уйду сааганда витаминдер сүт менен бирге чыгып кетет. Ошону толуктап туруу үчүн 1 литр сүткө 0,5 тоют биримдиги керек.
— Мал гидропоника ыкмасы менен өстүрүлгөн азыкка оңой эле көнүп кетет бекен?
— Малдын ичинен дагы тамак тандап жегендери болот. Бир уйум такыр эле жебей койсо, калгандары абдан каалап, жакшы жейт. Ошондой эле тоокторго дагы берип көрдүм. Тоокко 3-күн болгондо берүү керек. Бул анын көбөйүүсүнө жакшы жардам берет. 6-12 күн болгондорун жебей коет. Адам деле өндүрүлгөн буудайды эртең менен ачкарын жеп турса, организм керектүү витаминдерге бай болот экен. Былтыр малга берип жатып, өзүбүзгө дагы өндүрүп жаттык. Бул эң жакшы азык демекчимин.
— Бул малга негизги азык катары берилеби?
— Менин имаратым чакан болгондуктан, күнүнө 1 гана маал гидропоника ыкмасы менен даярдалган азыкты берем. Малга башка дагы тамак берилет. 3 маал деле берсем болмок, бирок ага чоңураак күнөскана керек…
— Жогоруда картошканын жаңы сортун чыгарганыңызды айтып өттүңүз…
— Ооба, “Жака” аталышындагы картошканын жаңы сортун мындан 3-4 жыл мурун чыгаргам. Баламдын аты Жакшылык. Баламдын атынан кыскартып, “Жака” деген ат бергем. Картошканын жаңы сортун дагы чыгаруу оңой болгон жок. Биринчи жылы чыгып эле өлүп калып жатты. Экинчи жылы деле бул процесс кайталанды. Көрсө, ар бир нерсеге кылдат мамиле кылыш керек экен. Туура топурак даярдап, климаттык шартын түзүү маанилүү экен. Ошентип отуруп, биздин өрөөндө картошканын “Жака” деген сортун чыгардым. Буга 4 жылдык эмгегим кетти. Андагы менин кемчилигим, картошканын жаңы сорту чыккан соң өзүнүн болгон генин алып чыгат экен. Т.а бир кызыл, бири сүйрү, бири тоголок болуп чыкты. Мен ошолорду сорттобой эле чыкканына сүйүнүп, кайра жерге эге бериптирмин. Анан түшүм жыйноо мезгили келгенде бир түптү казсам көлөмдүү картошкалар чыкса, бир түбүнөн быжыраган майда картошкаларды алып жаттым.
— Кийинки жылы сорттодуңузбу?
— Ошол “Жаканы” чыгарганда эле бир гектарга чейин көбөйткөм. Бирок, мынча картошканы сорттогонго менин алым жетпейт эле. Ошондой эле буга жакшы күнөскана куруп, шартын түзүп алуу керек экен. Мен үй шартында эле тажрыйбадан өткөрүп көрдүм да. Ошондо деле, 1 гектарга чейин үрөн чогултуп алдым. Мындан тышкары, топурак дагы абдан мааниге ээ эмеспи. Топуракта бактерия болсо ал дагы өз таасирин тийгизет. Мен кызыгып, окуп отуруп “топуракты бышырыш керек” экенин түшүндүм. Кадимкидей эле нан салгандай бышырып, марганцовка салып жууп, кум менен алмаштырыш керек экен. Жаңы сорттогу картошка ушундай топуракта гана өсөт. Биздин короодогу топурактарда бактерия көп болгондуктан, анда өлүп калат экен. Буюрса, алдыңкы жылдары “Жака” сорту менен кайра иш алып барам.
Белгилей кетсек, каарманыбыз Мидин Өмүркожоев «Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү» долбоорунун алкагындагы окуу-тренингдерине катышып келет. Аталган долбоор 3 айылда иш алып барат.
Касиет Кубанычбек кызы