Азыркы пандемияда баалардын көтөрүлүшү айыл эли үчүн терс да оң да таасирин тийгизип жатат. Айылда элдер колдорунан келишинче жашылча жер – жемиштерди өстүрүүгө аракет кылышууда. Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургундары бакчасына малина, карагат, өрүк, ашкабак, картошка, сабиз, кызылча, сарымсак, пияз, помидор ж.б. дары чөптөрдү өстүрүп, күзгү түшүмүн алууда.
“Мен 4 соток жер тилкесине колуман келишинче жер-жемиштерди айдаганга аракет кылам. Алгач жаз алдында жерди даярдап алабыз. Табигый жер семирткичтерди пайдаланабыз. Азыркы убакта бакчамда малина, өрүк, карагат, ашкабак, пияз, сарымсак, картошка , сабиз, кызылча бышып жатат. Быйыл буюрса түшүм абдан жакшы. Жай бою өзүбүз жакшы бакканга аракет кылдык. Суудан тартыш болгон жок.
Өзүмдүн бакчамда өскөн жер – жемиштер химиясыз, эч бир кошулмасыз болгондуктан экологиялык жактан да таза деп айта алам. Күзүндө жер – жемиштер быша баштаганда тамак-ашка колдоном, балдарыма салаттарды жасайм. Малинадан, карагаттан 10 литрге жакын кыям жасайм. Өрүктөн да кыям жана компот жасап берем. Балдарым кыш бою ичишет.
Пандемия убагында бир чети бизге сабак болду десем деле болот. Көп нерселерди сатып алып көнө түшкөн экенбиз. Кымбатчылык болгондуктан, аларды колубуздан келишинче өстүрүп, кышты – кыштай пайдаланып жатабыз. Мен башкаларды да ушуга чакырат элем. Эмгектенип тапкан тамагың таттуу да болот жана үй-бүлөлүк бюджетке дагы чоң жардам.”
«Биз бакчабызга картошка, сабиз, түп, кызылча, жусай, редиска, помидор, кулпунай айдап өстүрөбүз. Жер-жемиштерди айдоодон мурда биринчи жерге компост сээп, жумшартып, азыктандырып алабыз. Ар бир жер-жемиштин уругун туура тандоо жана сортуна көңүл буруу керек. Мисалы, кээ бир картошкалар майда чыгат, кээ бирлери түшүмдү аз берет деген сыяктуу. Ошондуктан ар бир жер-жемиштин түшүмүнө карап тандоо керек.
Биз быйыл «Желе+» аттуу картошка айдадык. Түшүмү буюрса абдан жакшы болду. Кулпунайларыбыз жаңыдан көбөйүп келе жатат, балдардын жай бою витаминдүү тамактануусуна чоң өбөлгө болду. Мен өзүм сабизди аябай жакшы көрөм, көп айдайм. Сабиздин да түшүмү буюрса мол. Сабизди бат- баттан суюлтуп туруу кажет. Себеби, бири-бирине кысылып калса, сабиз чоңойбой калат. Булардан тышкары дары чөптөргө да аябай кызыгам.
Пандемияда дары чөптөрдү айдап, өстүрүп, сатыкка алып чыктык. Пандемия башталгандан тартып валериана айдап көрдүм. Чынында өстүрүү абдан оор экен, ар бир тамырды кургатуу көп убакытты талап кылат. Бирок дарылык касиети күчтүү. Азыркы учурда теңге гүлүн (календула) жыйнап жатабыз. Бул гүл косметикада, медицинада көп колдонулуп келет. Сатыкка гүлдүн башы гана алынат. Калгандарын малга чөп катары чогултуп алабыз. Буюрса кийинки жылдары дагы дары чөптөрдү айдайбыз»,- дейт Нурия Түкөбекова.
Нурия Түкөбекова түшүм берекелүү болушу үчүн компост колдонууну, жер-жемиштердин уругун, сортун туура тандоону белгилөө менен ар бир алган түшүмдөн ондон бир бөлүгүн мектепке, айыл тургундарына же туугандарына болобу үшүр (кепсен) катары берүүнү сунуштайт. Ошондой эле дары чөптөрдү өстүрүү үй-бүлөлүк бюджетке да абдан пайдалуу экендигин белгилеп кетти.
Акылай Алмазбекова