Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Марс Аскербек уулу гиря көтөрүү боюнча спорттук таймашта 1-орунду багындырды. Аталган спорттук таймаш Жалал-Абад облусунда өткөрүлүп, ага 2000 ашуун спорчулар катышкан.
Марс Аскербек уулу оң тараптан экинчиси
Марс Аскербек уулу мындай таймаштарга дайыма катышып турат. Ал таймаштан түшкөн каражаттар кайрымдуулук акциясына жумшалып турарын айтат:
«Бизде Кыргыз Республикасы боюнча спорттук иш-чаралар дайыма өткөрүлүп турат. Бул тек гана мелдеш катары өтпөстөн, кайрымдуулук катары, аз камсыз үй- бүлөлөргө жардам берип келебиз. Бул жолкусунда таймаш Жалал-Абад обласунда болду. Буга чейин да Нарында өткөрүлгөн мелдештерге катышып 1-2-орунду камсыздап келгем. Мындан кийин да Азия чемпионатына даярданып туралы деген жакшы үмүтүм бар. Ошондой эле, жаштарга айтаарым, «Спорт -ден соолуктун булагы» дегендей эле спорт менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерди жараткыла».
Мындай сынактар өлкө боюнча спортчулардын демилгеси менен уюштурулуп турат. Кол күрөш, гиря көтөрүү, волейбол, футбол, ж.б. спорттун түрлөрү анчейин популярду эмес болгондуктан, таймаштарга спортчулар өзүн-өзү каржылап барышат.
Сезимай Эркегулова