Казан-Куйган айыл аймагында жыл сайын Нооруз майрамын бир көчөнүн тургундары кезек-кезеги менен өткөрүп келишет. Бул жылы айылдын Орозбек Бекжанов атындагы көчөсүнүн жашоочулары айыл элине майрамдык маанай тартуулай алышты.
Майрамдык концерт Казан-Куйган айылындагы Айтбек Муканбетов атындагы маданият үйүндө өткөрүлүп, ага Нарын райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Жыпара Садыкова, райондук администрациясынын биринчи орун басары Турат Кулешов, Нарын районунун маданият башкармалыгынын жетекчиси Саадат Исмаилова, Казан-Куйган айылынын айыл өкмөтү Чыңгыз Мамбеткулов жана айыл тургундары катышышты.

Майрамдык концерке келген меймандар

Орозобек Бекжанов көчөсүнүн тургундары таланттарын элге тартуулоо учуру

Концертти маданият үйүнүн кызматкерлери Нарынкүл Чебулдиева жана Асанбек Жусуев алып барышты

Сүмөлөк кайнатуу учуру

Меймандарга уюштуруучулар кыргыз элинин каада-салттарын көргөзө алышты

Меймандарга ысуулай сүмөлөк таратылды
Концерттик программа ырлар, бийлер, сценка жана кыргыздын каада-салттарын көргөзүү менен коштолуп, жеңелери менен биргеликте “Усупбекстан” ЖМБнун ыктыярчысы Эркеайым Замирбек кызы кыргыздын улуттук тамак-ашы «Сүмөлөктү» элге тартуулашты.
Эркеайым Замирбек кызы