«Соң-Көл» орто мектебинин «Жаз-М» бийчилер тобу райондук бий сынагында 2-орунга ээ болушту.
21-март Нооруз майрамынын урматына ылайык өткөрүлгөн бий сынагынын финалдык туру 22-мартта Кочкор маданият үйүндө болуп өттү. Мында «Жаз-М» бийчилер тобу 21 команданын ичинен 2- орунга ээ болуп, айылга байгелүү кайтып келишти.

Сынакка кыздар «Кыз узатуу» кыргыз бийин даярдап барышкан
Бул сынакка катышууда кыздардын ата-энелери бардык жактан колдоп, жол кире, формаларын да каржылап беришкен. Эске салсак, бул топ райондун тандалган ыр- бий номерлери менен 27-мартта борборго барып өнөрлөрүн тартуулашмакчы.

Бүгүнкү сынактын жыйынтыгы чыккан учур
2-орунга ээ болгон кыздарыбыз 15 миң сом акчалай сыйлык менен да сыйланышты. Кыздар 4-5 жылдан бери бий өнөрүн мыкты өздөштүрүшкөндөрү бүгүнкү ийгилигинен билсек болот.

Бул топту Салтанат Абласова жетектеп барган
Буга чейин белгилегендей сынак эки тур менен өткөн. Жалпысынан кыздар бул сынакка үч бий даярдап барышкан, сахнада сынак үчүн бир бийин бийлешсе, эки бий упайлар тең чыгып калуудагы кошумча бий болгон. Калыстар тарабынан упайлар ар бир номер бүткөн сайын бааланып турган. Бийчи кыздар сахнага 15чи болуп чыгышты.
Айпери Марлес кызы