Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек мектебинде мугалимдер, окуучулар, техникалык кызматкерлердин баары биригип мектепти көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин аткарууда. Быйыл мектепке 320 кара бак, 50 мырза терек отургузулуп, ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрү, сабиз, кызылча, капуста, картошка ж.б. жер жемиштердин уруктары отургузулду.
Мектепте гүл айдоочу атайын идиштер кадимки таштардан кооздолуп жасалган. Ал биринчи кезекте туруктуу өнүгүүнүн максаттарына ылайык жасалгандыгын баса белгилесе да болот. Экологияга кам көрүү менен сууну сарамжалдуу пайдаланууну көздөп, гүлдөрдү, карагайларды тамчылатып сугаруучу түзүлүштөр жасалууда. Алгач идиштердин топурактары казылып алынып, андан соң отоо чөптөрүнүн тамырлары тазаланып, тамчылатып сугарууга ылайыктуу атайын түзүлүштөр орнотулду.
Гүл айдоочу идишке тамчылатып сугаруучу түзүлүш орнотулгандан кийин
Мугалимдер даяр болгон идиштерге ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузушту
Окуучулар менен биргеликте ишембиликтер уюшулуп, мектептин айлана-чөйрөсү тазалануу этабында. Мында окуучулар куураган чөптөрдүн калдыктарын, кар астынанан чыккан таштандыларды чогултушту. Мектептин био тилкесинде былтыркы жылдары отургузулган карагаттардын, теректердин, карагайлардын отоо чөптөрүн тазалап чыгышты.
Теректерди отоо чөптөрдөн тазалоо
Куураган чөптөрдү чогултуп, айлананы тазалоо
Карагаттарды отоо чөптөрдөн тазалоо
Жер-жемиштерди айдоочу жер тилкесине атайын даярдалган компост себилип, айдоого даярдалды
Мектептин директору жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине зор салымын кошкон жалпы мектеп жамаатына ыраазылыгын билдирди.
Ар бир үйдүн, көчөлөрдүн тазалыгын сактоо ар бир жарандын колунан келе турчу иш. Айылдын тазалыгы анын жашоочуларынан көз каранды.
Акылай Алмазбекова