Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында күзгү талаа иштери сентябрь айынын ортосунда башталган. Учурда эгиндерди оруп-жыюу иштери 90%га жыйынтыкталды. Жалпысынан 2296 гектар жер айдалган.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Эркайым Калыкова үй-бүлөсү менен жүгөрү кайрып жаткан учуру
Куу-Майдан айыл тургуну Эркайым Калыкова үй-бүлөсү менен жыл сайын талаага беде, жүгөрү жана картошка эгишет.
“Жердин аягы болгон үчүн бизге суунун келиши кыйыныраак. Сууну балдарым түнкүсүн коет. Эгиндерди малга, атка жем кылабыз, беделер да бар. Ошолор менен жетет. Жетпей калса, сатып алабыз. Азыр мурунку баага караганда беде кымбат болуп кетти. 1 пресс эле 300 сомдон жогору, мурун 200гө жетип-жетпеген баада сатып алчу элек”.
Кеңеш айыл аймагында күзгү талаа иштери жыйынтыкталууда
Кеңеш айыл аймагынын экономика-статистика боюнча жетектөөчү адиси Апсатар Масаиповдун айтымында талаада жүгөрүдөн башка эгиндер жыйналып бүттү.
“Кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү былтыркыга салыштырмалуу төмөнүрөөк. Бирок, картошка жана жүгөрү былтыркыга салыштырмалуу түшүмдүүлүгү жогору болуп жатат. Эми тоют боюнча бааны туруктуу кылыш кыйын. Базарда баа канча болсо ошончо болот. Учурда эл чарбачылыгына ылайык тоютту камдап алышты”.
Дыйкан Алмазбек Дүйшөбаевдин беде жыйнап жаткан кези
Ал эми дыйкан Алмазбек Дүйшөбаев күзгү жыйноо өз убагында болуп жатканына кубанычта.
“Быйыл аба-ырайына байланыштуу күзгү жыйноо жакшы болуп жатат. Кудай кааласа 1-2 күндүн ичинде элдин бардыгы жыйнап алат. Жерлер бошосо эл дагы малын жая берет. Мен мына беденин 3-орогун оруп алдым. Жакшы эле чыкты. Жылда тоют сатып албайм, өзүмдүкү жетет”.
Жүгөрү оруу учуру
Ал эми Нурзада Мурзаш кызы айылдагылар керектелүүчү нерселердин көпчүлүгүн сатып албай өздөрү эгишет дейт.
“Айыл жергесинде көпчүлүк адамдар мал кармашат. Ошондуктан жүгөрү, беде, арпа, буудайларды эгип, кышка тоют даярдашат. Сатып алганга караганда өзүбүз эккен арзан түшөт”.
Талаада жүгөрүнү оруп-жыюу кызуу жүрүүдө
Кеңеш айыл өкмөтүндө жалпысынан 2296 гектар, 45 сотых жер айдалып, анын ичинен 50 гектар — арпа, 950 гектар — буудай, 585 гектар — жүгөрү, 260 гектар — картошка, 451 гектар — беде жана 45 сотых — жашылча эгилген.
Аймончок Кожонова