Конкурска 2-класстын окуучулары, ата-энелери менен катышышты. Конкурсту уюштуруунун негизги себеби окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү, эске тутумун өнүктүрүү, балдарды китеп окууга кызыгуусун арттыруу, жана ошондой эле окуу ылдамдыгын көтөрүү максатында болду.
Катышуучу, ата-энелер тобунун мүчөсү Олмас Жороеванын айтымында «Келгиле, окуйбуз» долбоору чындыгында бизге аябай жакты, балдарыбыздан өтүп, биздин кызыгуубуз артып, өтө кызыктуу өттү. Мугалимдерге ыраазыбыз, эң мыкты деңгээлде уюштуруп беришти, балдардын окууларына ийгилик каалайм»-деп билдирди Жороева.
Уюштуруучу Болдукыз Кудайбердиеванын айтымында » Конкурс эң жакшы деңгээлде болуп өттү, каалоочулар кирип, көрүп аябай ыраазы болушту. «Келгиле, окуйбуз» аттуу конкурска көптөгөн, кызыктуу программаларды ата-энелер менен чогу тандап, биргеликте даярдандык»-деп билдирди Кудайбердиева.
Катышуучу, окуучулар тобунун мүчөсү Байыш Момун уулунун айтымында «Мага конкурс абдан жакты, биз кызыгуу менен китептерди окуп айтып бердик, жомокторду ата-энелерибиз менен биргеликте аткардык, мага айрыкча ошонусу абдан жакты»-деп билдирди Момунов.
Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы.