Аталган айылда тарых музейинде кыргыз эли колдонгон байыркы улуттук буюмдар, тарыхый чополор, жазуулардан турган экспонаттар бар.
Учурда музейде 100 дөн ашуун экспонаттар менен толуктанды.
Айылдагы музейдин жетекчиси Калый Тайлаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими Жусуп Мамытовдун айтымында музейдеги экспонаттарды таанытуу максатында атайын республикалык масштаптагы фестивалдар жана көргөзмөлөр уюштурулуп турат дейт:
“Музей ачуу идеясы биринчиден биздин айылда силер билесиңер Кан-Дөбө деген орто кылымга таандык шаар чалдыбары бар. Кан-Дөбөдө табылган айрыкча, жазында,күзүндө айдоо иштеринде тарыхый маданий эстелик буюмдар көп табылат- демек ошол тарыхый маданий эстеликтер орто кылымга тиешелүү эң жогорку сапаттагы тарыхый маданий эстеликтерди сактап калуу үчүн музей уюштурдук.Уюштура электе, бул кабинетте турчу сакталуу маселеси өтө оор болуп кеткен, ошонун натыйжасында музей куруу идеясын ойлондук.Биз ошол максатка, же куруу максатында биринчиден, коомдук уюму менен иштешип, ошолордун жардамы менен, биринчиден ошо музейди уюштуруп алдык.Биз эми тарыхый маданий эстеликтерди сактап калуу максатында, экинчиден тарыхты кийинки муундарга жеткизүү максатында уюштурдук.
Музей боюнча жана айтып кеткендей, ИСУР коомдук уюму тарабынан каржыланып, салымы акча каражат материалдык жактан каржылап,калганын ирээтке келтирип, жасоо мектеп коллектив жамааты жасап курганбыз”.
Мектептин тарбия иштери боюнча Гүлзат Карыпбаева окуучуларга тарыхтын жана музейдин мааниси чон деген ойдо:
“Музейдин ачылышы балдарга чоң мааниси бар булар деген музейге келген кишилер хан дөбөдөгү тарыхты билишсин эми укпаган нерселерди угушту көп эле.
Элге жакшы эле мааниси бар жабылып жаткан тарых ачылды да балдар сыяктуу эле элдер дагы көп нерсени билишип биздин музей аркылуу биздин айыл чет жака билинди а ушундай музейи бар экен деп жакшы эле таанышты чоң мааниси бар.
Мектептин элге аты таанылып музейди ачканына элдер ыраазычылыгын билдирди. Мектептин 11-классынын окуучусу Төлөбек Советов баарыбыз биргеликте өзүбүздүн тарыхый экспонаттарды кийинки муундарга өткөрүп сактоо керек дейт:
“Жакшы негизи жакшы ойлонуп табылды, башка мектептегилер келсе башка фестиваль музейибизди көрүп суктанып кетишет, келип жөн эле мектебибиздин абалын сурап эле мындай кызыксыз болуп өтчү азыр келип тарыхыбызды дагы билишип буюм-тайымдарды көрүп чополорду илгерки буюмдарды көптөгөн нерселер бар ошолордун баарын көрүп кетишет.
Мен музейге жез калайларды чопонун калдыктарын эски куржун алып баргам ошолор азыр деле турат. Негизгиси ошол музей жакшы ачылды жакшы ойлонуп табылды ошол”.
Даярдаган: Бактыбек уулу Арслан, Умар Аскаров, Элдияр Куттубек уулу