Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесипчилик лицейинин жаш өспүрүмдөрү “Таштандылар менен күрөшүү” демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул окуу жайдын жаштары өз ыктыярлары менен эң биринчи окуу жайдын тегерегин тазалашып, андан кийин айыл ичиндеги көчөлөрдү кыдырышып кайсы жерде таштандылар көп жатканына байкоо жүргүзүп келишти.
Айыл элине таштандыларды таштабоо үчүн жана анын кандай зыяндуу жактары бар экендигин, кантип күрөшүү үчун лицейдин окуучулары дарыгерлер, мал доктурлар жана айыл активисттери менен байланышып маек курушту.
Жаны-Жер айыл аймагындагы таштандыдан чыккан жагымсыз жыт, бузулган аба адам баласына кандай таасир берери тууралуу айылдын медайымынын айтымында:
«Кичинекей таштанды болсо да адам баласына терс таасир берет. Анткени жагымсыз жыттар эн эле жаман, ар кандай инфекция жугат. Биз медициналык каражаттарды ачык таштабайбыз, алар жок кылынат. Ачык ташталган ийнелерден эле көптөгөн мисалга алсак гепатит С, СПИД, ВИЧ деген оорулар абдан көп жугат.»
Жаны-Жер айылынын тургуну Динара Абакова менен маектештик.
Жаңы-Жер айылынын ар бир көчөлөрүндө таштандылар жатат. Ошол таштандылар айыл элдерине кандай зыянын тийгизип жатат. Сиздин көз карашыныз кандай?
— Мен ушул айылда 1991-жылы келгем, ошол жылдан бери ушул айылда жашайм. Силер аябай көйгөйлүү маселени көтөрүп чыгыпсынар, бул аябай жакшы. Мен биринчиден, былтыр лицейдин долбоору менен Тажикстанга барып келгем. Ошол жакка барганда биринчи эле көзгө урунган нерсе көчөлөрүнүн, айыл-кыштактарынын тазалыгы аябай жакшы экен. Мен ойлойм, ар бир адам өзүнөн башташы керек. Азыр сыртка чыгып баратканда кичинекей бала деле таштандыларды жерге таштап кете берет. Бул бир эле айылда эмес, шаардын деле көпчүлүк жерлеринде таштандылар жатат.
-Эмнеге азыркы учурга чейин ушул айылдын таштандыларын жоготуу боюнча айыл өкмөтү тарабынан бир да чара колдонулбай жатат. Сиздин оюнуз?
-Менин билишимче айыл өкмөтү «Тазалык» деген фирма ачышкан. Ал фирманы жетектеген Бакыт деген жигит. Алар айылга атайын таштандыларды төгө турган трактор беришкен. Бирок ошол трактордун иштегенин көрбөйсүн. Бир айда бир чыгарса чыгарат. Бирок бул маселени тереңдеп караша элек. Айылдын четинде лицей орношкон жерде урна орнотулган. Ал урнага элдер кааласа салат, каалабаса салбай деле ар жерге таштай берет. Ал жерде айып пул деле жазылып турат. Бирок ага деле элдер карабайт. Аны кайра жыйнап коелук, өрттөп коелук деген эч ким жок. Өкмөт деле ошого көңүл кош мамиле жасайт.
-Ушул айылдагы таштандыларды кантип жоготсок болот жана кандай иш-чараларды жүргүзсөк болот. Сиз кандай ойлойсуз?
Биринчиден, биздин айылга чоң-чоң урналарды 500 метр аралыкта ар бир жерге койсок. Ошол урналарды келип тазалап кетсе аябай жакшы болмок. Көбүнчө таштандылар аялдамаларда болот.
Айыл ичиндеги таштандылр тууралуу айыл мал доктуру Жолоев Жакыптын айтымында таштандылар малга зыяны тийип, көчөдөгү целофан жиптерди жеп, ичиндеги бездерди пайда кылат да ашказанында таш болуп катып калат.
-Таштандыга ууланган малдын этинен адамга оору жугабы?
-Ууланган этти жегенге болбойт себеби экспертиза ага жол бербейт. Жалаң гана утилизация кылыш керек, кайра иштетүүгө жибериш керек.
-Бул көйгөйгө кандай чара көрүлүшү керек?
-Таштандыларды мал кирбегендей кылып курчоо керек.
Даярдагандар: Алиева Чынара, Бегалиева Сумая, Рыспекова Айнур, Бусурман уулу Тенирберди, Сарымсаков Куттубек