Баетов айылында Нооруз майрамынан карата кенже кызматкерлер арасында “Сармерден” кыз-жигит тамаша оюну болуп өттү. Ал Д.Ажиев атындагы айылдык клубда болуп, Э.Карасартов жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептеринин кенже кызматкерлери катышты.
Баетов айылынын айыл өкмөт башчысы Турусбеков Талант көрүүчүлөрду жана катышуучуларды Нооруз майрамы менен куттуктап: “Айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган иш чараларда кенже кызматкерлери унутта калат. Чынында булардын кызматы көзгө көрүнбөйт. Кенже кызматкерлердин күнүн белгилегенде ушундай бир оюн-зоок өтүп көрөлү дедик эле. Буюрса ишке ашты. Эми ийгилик” деди.





Берилген жобо боюнча саламдашуу, Манас айтуу, чечендик өнөр, ыр-бий, даскоркон берекеси өңдүү тапшырмалар менен өнөр таймашышты. Эки мектептин тең кызматкерлери абдан жакшы даярданышкан. Атайын белгиленген калыстар тобу ар топтун өнөрүнө, аткаруу жөндөмдөмдөрунө карап баа берип жатышты. Жыйынтыгында Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин кенже кызматкерлери алдыга озуп,жеңип чыгышты.
Даярдаган: Жылдызбекова Алтынай