Үстүбүздөгү жылдын 21-март күнү, Суусамыр айылында жаркыраган жаз майрамдарынын башаты катары белгилүү болгон, Нооруз майрамы майрамдалды.Бул майрамда бардык мусулмандар майрамдашып,ар кандай даамдарды ушул майрамда жасашат эмеспи, анын ичинен Суусамыр эли да нооруз майрамын шаңдуу өткөрүп алышты.
Бул жылы айылдын 1984-жылкы балдары майрамды өз колуна алып элге жагымдуу маанай тартуулап беришти. Концерт башталып, айыл башчысы сөз сүйлөө менен ачылды. Майрамда ар кандай оюн-зооктор, ыр –күлкүлөр,спорттук күч сыноолор, айтыштар ж.б менен коштолду. Кезектеги Нооруз майрамы өзгөчө болорун бирок сүмөлөк жасалбаганын айтып, айыл өкмөтүнүн башчысы Отунчиев Урмат Шайлообекович буларга токтолду: “Адаттагыдай эле Нооруз майрамы өз шааниси, өз нугу менен менен өтүп жатат. Мурда мекемелер, айыл өкмөтү Нооруз майрамын өткөзүп келишсе, быйыл өзгөчөлөнүп 1984-жылкы эр азамат жигиттери биринчи жолу көтөрүп чыгышты. 1 жылкы, 2 кой союлду андан тышкары айыл өкмөтүнүн байге фонду 25 миң сом болду. Ат чабышка 11миң сом, кунан чабышка 11миң сом бөлүндү.”
Майрамда концерт оюн-зооктор менен коштолуп,анын ичинен чака чапмай,аркан тартыш сыяктуу ар кандай спортук мелдештер өткөрүлүп акчалай байгелер өздөрүнүн ээлерин тапты.
Калк арасынан Суусамыр FM радиосунун толкуну аркылуу элге куттууктоо айткан адамдар болду.Алардын бири Суусамыр айыл өкмөтүндө көп жылдан бери налог инспектору болуп эмгектенген Рима эже “Мен жалпы эле Кыргызстанда болуп жаткан Нооруз майрамы менен бүткүл кыргыз элин куттуктайм ошону менен бирге эле Суусамыр элин дагы куттуктайм, токчулук молчулук болсун”,-деген тилегин айтты.
Суусамыр айылынын тургуну журналист, акын, жазуучу жана спорт чебери Абдиев Жээнтай, “Урматтуу Суусамыр элинин тургундары! Барыңыздарды кирип келген Нооруз 2017-жыл жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Жаңы жылда баарыңыздарга бакыт таалай каалайм”,-деген кубанычтуу куттуктоосун айтты.
Нооруз майрамы эки сааттык концерттик программасы менен коштолуп, уюштуруучулар айыл адамдарын коноктошту. Нооруз майрамы кечки саат 17:00 дө ат оюндары менен жыйынтыкталды.
Даярдаган: Умсунай Ачыкова