Кочкор районунун Корчубек Акназаров атындагы мектебинин башталгыч классынын бүтүрүүчүлөрү өз өнөрлөрүн элге тартуулашты.
Жакында биздин мектепте жакшы саамалык болуп өттү. Кумурсканын, көпөлөктүн, аарынын, ийнеликтин, жөргөмүштүн формасын кийген бөбөктөр ары-бери мотурайып чуркап жүрүштү. Булар «Алтын уя» балдар опереттасын коюп жаткан 4б-класстын окуучулары эле. Алар көргөндүн көзүн сүйүнтүп ата-энелерге, агай-эжелерге жана окуучуларга өз өнөрүн тартуулашты. Аны даярдаган Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Акунова Нур болду.
Гулира Сатарова