Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейдин базасына, Кочкор районунда жайгашкан №15 Кесиптик лицейдин мугалимдери дистанттык окутууну уюштуруу үчүн тажрыйба алмашышты.
Өлкөдө таажы илдетинин күчөп кетиши, кесиптик билим берүү тармагына да көйгөйлөрдү жаратты.
Учурда онлайн режиминде кесиптик билим алган окуучуларга сапаттуу билим берүү жолун кесиптик лицейлердин жетекчилери уюштурууда. Ал үчүн дистанттык окутуу технологиясын өндүрүштүк окутуунун устаттарына бөлүшүү жана жайылтуу үчүн атайын жолугушуулар болду.
Окуу методикалык иштер боюнча директордун орун басары Асира Назарматова лицейде окутулуучу кесиптер жана окуу программасынын мазмуну тууралуу баяндама кылды:
«Биздин кесиптик лицейде өлкөбүздүн жети дубанынан келип окушат. Быйылкы жылы тапшырган окуучулардын өңү-түсүн өзүбүз да көрө элекпиз. Окуучулар арасында мүмкүнчүлүгү чектелген майып жетим балдар да бар. Алар көбүнчөсү Моловодное айылынан. Аларга тапшырмаларды устаты өзү жеткирип берип турат».
Бул жолугушуу кесиптик лицейлердин мугалим мастерлери үчүн натыйжалуу болду. Өзгөчө айыл чарба өндүрүшүнүн усттаттарын окутууда керектүү маалыматтарды жана тажрыйба алмашууга үйрөндүк дешти.
Айчолпон Омуралиева