Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицей байыркы кыргыз каада-салты менен кесиптик багытта билим берүү ыкмасын иштеп чыгышты. Бул ыкма келечектеги жаш дыйкандарды кесипке даярдоодо алардын жерге кылган мамилесин өзгөртүү үчүн сунушталат.
№43 Кесиптик лицейдин окуучулары төмөнкү темалардын алкагында иш- чараларды өткөрүп келишет.
“Илгери биздин кыргыз элинин жер иштетүүдөгү ыкмалары жөнүндө”
“Баба –дыйкан деген ким болгон?”
“Жер иштетүүдөгү элдик ырым-жырым ырлары”Дыйканчылык кесиби кыргыздарда мал чарбачылык менен бирге өнүгүп келген».
Дыйканчылык – маданий дан өсүмдүктөрүн өстүрүүгө негизделген чарбалык иш.
Кыргыз элибизде дыйканчылык байыркы заманда эле болгон. Өлкөбүздүн аймагында өрөөндүү жерлерде дыйканчылык кесиби болгонун археологиялык казуулар, чыгыш жазма булактары тастыктап келет. №43 кесиптик лицейдин окуучулары бул боюнча тарых барактарынан изденип, айылдагы карыялардан сураштырып көптөгөн маалыматтарды чогултушту.
Кыргыз маданиятынын бир өңүтүн ырымдар түзөт. Ырымдардын түрлөрү көп.
Дегеле кыргызда мынча ырым бар деп так маалыматты эч ким бере албайт.
Ар бир ырымдын кылымдар бою түкшөмөлдөнүп келаткан мазмуну, кыргыз баласынын өнүп-өсүшүндө салым-орду, муундан муунга берилүүчү мурастуулугу, сырдуулугу, касиеттүүлүгү бар.
Бул биздин кечээги күндөн бүгүнкү күнгө жеткен нарк нускабыз. Ал эми каада-салтыбызды сактоодо мураска калтыруу улуттун эртеңкиси бары.
Кыргыздар илгери кантип дыйканчылык кылышкан деген суроого айыл дагы карыя Туру Султанбаев атабыз төмөнкүчө айтып берди.
«Үрөн сээп өндүргөн, орок оргон, кырманга сапырган, ороого бастырган.
Жаргылчакка же тегирменге тарткан.
Баба дыйкан-дыйканчылыктын пири, атасы. Баба дыйкан мыкты дыйкан дегени.
Баба «дыйкан» эгиндин, дандын ээси, колдоочусу экен.
Баба дыйкан канаттуу көгүчкөн, кыргоол түрүндө көрүнөт экен дешчү илгери.
Баба дыйкан үрөндүн өнүүсүн, эгинге, данга береке берүүсүн калкалап сактап турат имиш.
Илгери ата-бабалар дандын берекелүү болушун баба дыйкандан күтүп, биринчи кызылды сузарда аны дөбөдөй кылып үйүп, кой союп, кызылдын үстүнө кан чачып баба дыйкандын жолуна багыштаган.
Кызылды үймөгү менен түнөтүп, баба дыйкан боз кептер болуп учуп келип, үймөккө конот дешчү.
Мурда үрөн сепкенде «менин колум эмес, баба-дыйкандын колу»,
Орок оргондо, же кырман салганда «Баба-дыйкан берекесин бер» деп тилек кылуучу. Түшүм мол болсун үчүн Баба дыйкан колдосун деп, анын урматына сыйынып, түлөө өткөрчүбүз. Баба дыйкан эгинди араласа түшүм мол болот деп калышаар эле».
Баба дыйкан батасы.
Жер кулачы жети кат,
Жер иштеткен адамзат.
Калайыкка дан керек
Аппак күндөй нан керек
Амач карма жер айда
Ай талааны чиймелеп.
Арпа, буудай дан айда
Сулуу, нокот, таруу айда
Конок, зыгыр кошо айда,
Ак жүгөрү май айда.
Дамбыр таш-Колдоруна челек чылапчындардын ичине таш салып калдыратып чыгышат. Боз үйдү айланып Дамбыр таш ырымы.
Жаз келип биринчи күн күркүрөгөндө, аялдар эгиндин сүттүн мол болушун тилеп, чаканы, көнөктү сузгу менен калдыратып
«Жер жарылып көк чык, мал тойгондой көп чык, желин жарылып сүт чык» деп үйдү үч айлана жүгүрчү
Дамбыр таш.
Дамбыр- дамбыр-дамбыр таш.
Дамбыр аткан кызыл таш.
Жамгыр жаады куркуроп,
Челек тулга калдыр таш.
Кун куркуроп коп жаа.
Жер жарылып чоп чык,
Желин айрылып сут чык.
Кыргыздар жаан жааса жакшылыктын жышааны деп эсептейт.
Үрөөн сээп жатканда дагы алдын ала тилек кылып, түлөө өткөрүп карыялар бата беришкен
Күчкө кирсин билегиң
Кабыл болуп жайында
Оңго тартсын тилегим.
Үрөөн алдым колума,
Тилек кылып жерге себем.
Эгин бышып, данды сапыргандагы ыр
Баба дыйкан — атабыз,
Калың кара көп журт,
Пайдаңды көрүп жатабыз.
Береке бер эгинге,
Белсенип кызмат биз кылсак,
Эмгек кетпес тегинге.
Байчечекей, шиберлер,
Бажырайып бүрдөсүн,
Бачым эмгек кылгандар,
Карыны тоюп гүлдөсүн.
Чечкор – дыйканчылыкка байланыштуу ырым. Эгин оруп-жыйылып, кырман сузарда дыйкан майда жандыктан (кой-козу, эчки-улак) сойгон. Малды эгиндин үстүнө коюлган күрөктүн бетине мууздап, этин бышырып, элди чакырып тамак берген.
Учурда №43 кеситик лицейдин окуучулары дыйканчылык гана эмес, мал чарбачылыгы, тамак ашы, тигүүчүлүк ж.б. кесиптик багытка тиешелүү ырым жырым салт санааларын изилдөөдө.
Каада-салтка көңүл буруу, окуучуларга кыргыз элинин турмуш тиричиликтеги, үй-бүлөдөгү жүрүм-турум эрежелерин, ырым-жырым, адеп-ахлак, каада-жөрөлгө, жол-жоболорду үйрөтүп, жаш муундарды тарбиялоого таасирин берүүдө. Окучулар лицейде боло турган иш-чараларда каада-салтты театрлаштырып аткарып жүрүшөт.
Балдардын келечегине кесиптик лицейлер кам көрүүдө
Турсун Омуралиева