Нарын районуна караштуу Куланак айылынын жаш тургуну Айжамал Жеңишбекова кичинекей кезинен бери мектептеги “Ак Марал” бий тобунда бийлеп келген. Учурда ал мектептеги ийримде бийден сабак берет.
Айжамал Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде 10-класста окуйт. Ал кичинекей кезинен бери бийге кызыгып келгенин айтат. Бийди үйрөнүш үчүн ал атайын ийримдерге барган эмес.
«Мектепте окуй баштаганда жаңы жылдык балатыда жана ар кандай концерттерде бийлечүмүн. Кийин 5-класс болгондо мектептеги “Ак Марал” бийчилер тобуна кошулдум», — дейт ал.


Учурда мектептеги ийримде бий үйрөтөт. Топто 30га чукул кыздар бийлешет. «Эч кандай маяна албайм. Бийлегенди жакшы көргөндүктөн, бийден убактымды аябайм», — деди ал.

Келечекте кайсы кесип ээси болоорун Айжамал тандай элек, бирок бийчи болуп калышы мүмкүн экенин да четке какпайт.
Айжамалдын апасы Алия Сокеева кызын келечекте дизайнер катары көргүсү келгенин айтат.

«Азыр өзүнүн талантын, кичинекей жаш муундарга үйрөтүп жатат. Бий эле эмес мындан башка да көптөгөн таланты бар. Кызымды келечекте бий жагынан эмес дизайнер же визажист жагынан көргүм келет», — деп билдирди Сокеева.
Айжамал бий жагынан көптөгөн ийгиликтерди жаратып, “Ак Марал” бийчилер тобундагы кыздар менен көптөгөн сынактардан алдыңкы орундарды алган.
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн