Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылында кыш жасаган ишкана ачылып, айыл тургундары ар кандай курулуштары үчүн кыш менен камсыз болууда.
Кышты топурактан жасашат жана даанасы төрт сомдон. Мурда айыл тургундары кышты башка жактардан алып келишчү, же ар кайсы жерди казып, топурактан өздөрү жасашчу. Бул ишкананы айыл тургуну Рысбек Турсуналиев ачкан.
“Кыш станогун айыл тургундарына керек деп өзүм ойлоп чыктым, элдер кирпич станогун жакшы кабыл алышты, экологияга түздөн түз таасирин тийгизүүдө. Элдер ар кайсы жерди казып топурак алып жасашчу, биздин бир жерден топурак алып иштетүү максаты бар. Элдерге пайдасы тийүүдө үйлөрдү жана ар кандай курулуш иштерине колдонуп жатышат. Азыр бул ишканада иш оорундары түзүлө элек өзүбүз эле иштеп жатабыз, келечекте иш орундары менен элдерди камсыз кылуу, колдон келсе кирпичти бышырып сатуу ойлорубуз бар.”
Абилов Тынымсейит бул ишкананын элге пайдасы тийип жаткандыгын билдирди:
“Кирпичтин сапаты жакшы, элге чоң пайдасын тийгизүүдө. Кирпичтин баасы да канаттандыраарлык, арзан жана ыңгайлуу баада. Кирпич менен биз намазкана, мечит курдук сапаты абдан жакшы. Ушул ишкананы негиздеген Турсуналиев Рысбекке ыраазычылыгыбызды билдиребиз”.
Даярдагандар: Мээрим Жумабекова, Перизат Бердибекова, Нестан Айбекова, Гүлзада Кубанычбекова