Нарын районунун Жергетал айылындагы Асанбек Табалдиев мектебинин мугалимдери окуучулардын Манаска болгон кызыгуусун арттырып, үйрөтүп жаткан мезгили. Бул үчүн Манас таануу таймаштарын өткөрүп келишет.
Айзат Калмуратова бул мектепте кыргыз- тили мугалими болуп иштеп келет жана мындай таймашты экинчи жолу өткөрүп жатканын айтты:
«Мен бул Манас таанууну өткөрүүгө 8- классынын окуучуларын тандап алгам. Негизи бизге Манас эпосуна сегиз гана саат берилген, бирок бул океандай чалкыган эпос болгондуктан толук окууга мүмкүн болбойт. Ар бир жуманын дүйшөмбү күнүндө кружок өтүлүп турат. Бирок, китеп жетишпегенине байланыштуу, окуучулар интернет аркылуу да, изденип даярданышты. Биринчи жарым жылдыкта биринчи тур, ал эми экинчи жарым жылдыкта экинчиси өткөрүлдү.»
Өткөрүлүп жаткан Манас таанууга 8-класстын окуучуларынан эки команда ат салышкан. Бул оюнда Улуу мурас командасы жеңишке жетишкен. Алар бул оюнга өтө жакшы даярданганын эскерте кетишти:
«Биз бул оюнга көптөн бери даярданганбыз. Биринчи турунда Айкөл Манас баяны тобу уткан, ошондуктан оюнду баштаганда эле утабыз деп баштадык, тилегибиз ишке ашып, жеңишке ээ болдук. Бизге берилген 100 суроо боюнча окуп, интернеттен да издөөгө туура келди. Чынын айтсам, атаандаштарды утуу оңойго турган жок. Бирок, баары ойдогудай болду.»
Даярдагандар: Акинова Бактыгул, Сейит кызы Акылай