Нарын районунун Жергетал айылынын окуучулары билимин сынашты. Билим дүйнѳ жарыгы! Дал ушундай ураан менен Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин жаштар уюму 7-8 класстар арасында акыл ордо уюштурду.
Оюнга 5 топ катышып, ѳздѳрүнүн билим деңгээлин кѳргѳзѳ алышты. Бул оюндун максаты окуучулардын билимге болгон кызыгуусун ойготуу, алардын ынтымагын чыңдоо жана ой жүгүртүүсүн ѳркүндѳтүү болуп саналат.
Бул иш чара тууралуу толук маалымат алуу үчүн уюштуруу тобуна кайрылдык:
«Акыл ордо мыкты ѳттү. Ар бир окуучу ѳзүнүн активдүүлүгүн кѳрсѳттү. Негизи жеңүүчүнү аныктоо оорго турду. Бирок, калыстар тобу менен таразалап, адилеттүү жыйынтык чыгардык. Биз үчүн ар бир топ жеңишке татыктуу болду.»
Иш- чаранын күбѳсү, калыстар тобунун мүчѳсү Калчаева Кенже эжей ѳз оюн айтты:
«Негизи, мектептик жаштар уюму акыл ордону жыл сайын ѳткѳрүп келет. Бирок, бул жылы анын шарттары башкача болду. Себеби, жылда ар бир класстан бирден окуучу катышса, бул жылы топтук оюн ѳткѳрүлдү. Оюн жакшы ѳттү. Ар бир топ күчтүү, тырышчаак экен. Мындай иш чаралардын окуучуларга кѳп пайдасы бар, ошондуктан мындан ары да кѳп-кѳп ѳтүүсүн каалайм!»
Эскерте кетсек, оюнда эки команда жеңишке ээ болуп, кызыктыруучу сыйлыктарды алышты. Бул оюнда биринчи орунга ээ болгон команданын мүчѳлѳрү ѳз ойлорун билдиришти: «Мындан бир жума мурун бизге катышуу тууралуу билдирүү беришкен, ошондон баштап катуу даярдандык. Атаандаштар күчтүү экен, бирок тилегибиз ишке ашып, жеңишке ээ болдук. Уюштуруу тобуна терең ыраазычылык билдиребиз!»
Асанбек Табалдиев орто мектебинин окуучулары ушундай иш- чаралар аркылуу, билим деңгээлин жогорулатып келишет.
Даярдагандар: Акинова Бактыгүл, Сейит кызы Акылай