Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы орто мектебинин эки окуучусу менталдык арифметика боюнча Өзбекстанга барып, 3-орунду алып келишти.
Менталдык арифметиканы жетектеген 11-класстын окуучусу Асылзат Абдыбекованын айтуусунда: «Өзбекстанга эки окуучубуз катышып келди. Эки окуучубуз буга чейинки олимпиадаларда көптөгөн мыкты-мыкты орундарга жетишип келишкен. Казакстандан Шаяхматова Нурайым экинчи орунду багындырып келген. Өзбекстанга тандоо турда облустук олимпиадада Шаяхматова Нурайым үчүнчү орунду алып, Урматова Асема биринчи орунду алып, Өзбекстанга барууга жолдомо алышкан. Өзбекстанга мыкты деңгээлде даярданып эки окуучубуз тен үчүнчү орундарды алып, жакшы байгелерге жетишип келишти. Бул жеңиш биздин айылды жана район облусубузга чейин кетти. Жеке эле мени эмес, окуучуларды мугалимдерди кубандырды»,- деп билдирди Асылзат Абдыбекова.
Өзбекстанга барып келген окуучу Асема Урматованын айтуусунда: «Мен Караколдон биринчи орунду алгам, облустук олимпиадада. Мен Өзбекстандан үчүнчү орунду алдым. Мен бардыгы менен сыймыктанам, алар мени мени менен сыймыктанышат»,- деп билдирди.
Даярдаган: Аяна Айбек кызы, Аяна Элеманова, Жибек Мелисова