“Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, “Secom” билим берүү жана өнүгүү борбору менен биргеликте “Китеп окуу” маданиятын өнүктүрүүгө багытталган VII Республикалык китеп окуу конкурсу жыл сайын Республикалык деңгээлде өткөрүп келет.
Бул жылы китеп окуу сынагы 3 китеп боюнча уюштурлду. Мугалимдер арасында Финдердей окуталы, окуучулар үчүн Эрте келген турналар жана жалпы окурмандар үчүн Окуучу кыз китебин боюнча 5000 ашуун окурман сынакка катышкан.
Сыйлоо аземи
Аталаган сынактын жеңүүчүсү Чолпон Садыкова 50 жашта 3баланын апасы. Ал “Окуучу кыз” китеби аркылуу сынакка катышып 30 миң сом жана китептер менен сыйланды. Чолпон Садыкованын айтымында алар үй-бүлөсү менен китеп окушат. Былтыр дагы китеп окуу сынагына катышып утуп алганын айтып өттү:
Жеңүүчү Чолпон Садыкова
“Сыйлык алуу мен үчүн өтө жагымдуу болду. Таң атканча толкунданып уктаган жокмун. Өзүм негизи китеп окуганды жакшы көрөм. Түрдүү китептерди окуйм. Акыркы жолу окуган китебим Маркумдар үнү, Каныбектин 1-2 томун окуп чыктым. Негизи өзүм тарых мугалими болууну каалачумун. Турмуш шартка байланыштуу окубай калгам.”
“Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фондунун мүдүрү Нурсултан Жанибек уулунун айтымында китеп окуу сынагы элдин сабаттуулугун артыруу, окуу маданиятын калыптандыруу максатын көздөйт. Жыл сайын аталган долбоорго катышууну каалагандардын саны өсүп жатат жана бул жолу сынакта бардык суроолорго туура жооп берген окурмандар дагы бар экени кубандырбай койбойт:
“ Бул ирет өткөрүлгөн китеп окуу сынагы жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп жатат. Китептерге келе турган болсок 3 категориядагы китептерди өткөрдүк. 1- мугалимдер арасында Финдердей окуталы 2- китеп окуучулар үчүн Ч.Айтматовдун Эрте келген турналар жана жалпы окурмандар үчүн Окуучу кыз китебинен уюштурган болчубуз. Жалпы окурмандарга жана мугалимдерге арналган китептерде 1-орундарга 30миң сом, 2-орундарына 20миң сом жана 3-орундарына 15миң сомдон ыйгарылды. Ал эми мектеп окуучуларына болсо 1-орунга 20миң сом, 2-орунга 15миң сом жана 3-орунга 10миң сом берилип. Онунчу орунга чейин кызыктыруучу белектер тапшырылды. Буйурса 8-китеп окуу сынагын дагы уюштуралы деген пландар бар. Алдыда жылына 3-4 ирет китеп окуу сынагын уюштурууну каалайбыз.”
Сыйлоо аземинде «Оку!» долбоорунун уюштуруучулары
«Финдердей окуталы» китебинин жеңүүчүлөрү:
1-орун Абдубасир Гапаров
2-орун Аймөөр Даниярова
3-орун Чынара Токтоназарова
«Эрте келген турналар» китебинин жеңүүчүлөрү:
1-орун Айжан Мырзабекова
2-орун Акбермет Өмүрбекова
3-орун Айзат Кайратбек кызы
«Окуучу кыз» китебинин жеңүүчүлөрү:
1-орун Чолпон Садыкова
2-орун Эржигит Куштарбеков
3-орун Жаздай Аманова
Айгерим Кубатбекова