Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 3-декабрь майыптыгы бар жарандардын күнүнө карата жарыяланган бир айлык кайрымдуулук акция жыйынтыкталды. Анда окуучулар жана мугалимдер жамааты жигердүү катышты.

Кайрымдуулук акциясынын алкагында белектер берилди

Окуучуларга таттуулар, оюнчуктар берилди

Акцияга ата-энелер дагы катышты

Мектеп директору Астра Токтогулованын айтканына караганда 23600 сом каражат чогулган.

Астра Токтогулова мектеп директору
«Мугалимдер жана окуучулардан сырткары жеке ишкерлер Сүйүнбек Сулайманов, Нурзат Жанышбекова жана Искра эже дагы акциябызды колдоп беришти. Ыраазычылык билдиребиз. Чогулган каражатка биздин мектепте окуп жаткан жана ден-соолугуна байланыштуу үйдөн окуган окуучуларыбызга белек уюштурдук. Бул акцияны жыл сайын өткөрүп келебиз. Анткени окуучулар мектептен эле кайрымдуулукка, боорукерликке, бири-бирине жардам берүүгө тарбияланышы зарыл» дейт.
Акцияда мектептин ыр-бий ийриминин мүчөлөрү ырдап-бийлеп беришти.

Мектептин ыр-бий ийриминин мүчөлөрү

Аксана Жусупова