23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Нарын району боюнча уюштурулган «Бүт ийгилик китеп менен алынар, китеп менен асманга жол салынар!» аттуу кароо- сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Сынак Нарын району боюнча өткөрүлүп, ага 34 мектептин окуучулары катышып, активдүүлүгүн көрсөтө алышты.
Кыргыз жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын даңазалап, аткаруучулук чеберчилиги менен жазуучунун чыгармасына сүңгүл кирип, жаңы идея көндүмдөрүн арттырууда видео материалды мыкты деңгээлде тартып, You Tube каналына жайгаштырууда 1-орунду Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектеби камсыз кылып, I даражадагы диплом менен сыйланды.
Ал эми 2-орунду Б.Кыязов атындагы орто мектебинин окуучулары ээлесе, 3-орунга А.Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары татыктуу болушту.

Сыйлоо аземи
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасынын негизинде видео ролик даярдашкан эле. Бул материалды даярдоодо музыка сабагынын мугалими Аида Эгембердиеванын, кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Ширин Экееванын жана айылдын ардактуу атуулу Индира Андарбекованын салымы зор.
Күндүн муздагына карабай шар аккан сууну кечип тартылган окуучулардын эмгегине баа жеткис. Ал эми видео роликти даярдоодо көшөгө артында эмгектенген информатика сабагынын мугалими Акылай Алмазбекова жетектеген ийримдин окуучулары-жаш операторлор материалдын негизги идеясын баса белгилөө менен толук монтаждап чагылдырып бере алышкан.

Видео материалды даярдоо учурундагы жалпы катышуучулар
Окуучулардын эмгегин төмөнкү ссылка аркылуу көрө аласыздар.
Акбермет Руслан кызы