Октябрь айында белгилене турчу мектеп китепканачылар күнүнө карата республика боюнча ыр жазуу сынагы жарыяланды. Иш-чараны билим берүү жана илим министрлигинин «Жаңы китеп» мекемеси уюштуруп жатат. Сынак 2021 жылдын 8-сентябрынан 8-октябрына чейин уланат. Тандалып алынган ырга обон жаратылат жана жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышат.
«Жаңы китеп» мекемеси мектеп китеп каналары менен иш алып барат Мектеп китепканалары автоматташтырылат. Аталган мекеменин директору Толеген Аматов сынактын негизги максаты өтө бааланбаган бул кесиптин статусун жогорулатуу, бул багытта толуп жаткан көйгөйлөргө карабастан позитивдүү жагына басым коюу экенин айтат:
“Биз былтыр жаз айларында биринчи жолу мектеп китепканачылар форумун өткөргөнбүз. Ошондо китепканачыларга арналган ыр таппай койдук. Китепке, билимге арналган ырлар көп эле экен. Бирок, бул кесип ээлерине арналган ырлар жокко эсе. Ошол жерден бизде бул идея пайда болгон.”
Темага байланыштуу макала:
Мектеп китепканалары автоматташтырылат
Айгерим Кубатбекова