15-сентябрда өлкө боюнча мектептерде жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү. Капар Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинде да окуу жылынын башталышы өзгөчө маанайда белгиленди.

Бул күн- мектеп босогосун алгакы ирет аттаган бөбөктөр үчүн да, жайкы эс алуудан кийин кайрадан билим уясына кайтып келген окуучулар үчүн да өзгөчө мааниге ээ болгон иш-чара.
Мектепте өткөн салтанаттуу линейкага мектептин жалпы жамааты, окуучулар, ата-энелер жана ардактуу коноктор катышты. Майрамдык иш-чара мамлекеттик гимндин аткарылышы менен башталып, жаңы окуу жылына ак жол каалоолору айтылды.

Капар Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Асел Бостонкулова
Салтанатта мектеп жетекчиси Асел Бостонкулова куттуктоо сөзүн сүйлөп, окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Өз сөзүндө ал билимдин адамдын келечегиндеги ордуна токтолуп, окуучуларды сабакка жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, изденүүгө жана мектептин коомдук иштерине активдүү катышууга чакырды.

Майрамдык иш-чарын жүрүшүндө окуучулар тарабынан ыр-бийлер тартууланып, мекенчилдикти, билимди даңазалаган номерлер аткарылды.

Салтанаттын соңунда биринчи коңгуроонун кагылышы эң толкундуу учурлардын бири болду. ал жаңы окуу жылынын башталганын жар салып, окуучуларды биринчи сабакка чакырды.
Даярдаган: Назик Мирланова, Райана Жумадилова