Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде 1- сентябрь Билим күнүндө окуу жайдын директору, мугалимдери, мугалим устаттары жана студенттери чогулуп, майрам салтанаттуу түрдө белгиленди.
Окуу жайда Билим күнү белгиленип чакан концерттик программа менен коштолду.

Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырды

Окуу жайдын студенттери

Жыйындын башында лицейдин директору Улан Бердигул уулу сүйлөдү

Андан кийинки сөз кезек директордун орун басары Калиман Тайсариевада болду

Андан соң мугалимдер жана мугалим устаттар окуучуларга ийгиликтерди каалап өттү

Ыр, бий менен коштолду
Жаш студенттерде толкундоо сезимдери болуп турду. Аягында студенттерге, жаңы кабыл алынган студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тарбиялык сааттар өтүлдү. Кесиптик лицейде окууга кабыл алуу уланууда.
Төлөн Токтосунова