Ак-Талаа районундагы билим берүү мекемелеринде ар жуманын дүйшөмбү күндөгү биринчи жана жума күндөгү акыркы сабактан кийин КРнын Гимни жаңырат. Ал эми бала бакчаларда болсо жеткинчектерге оюн, сабак түрүндө ишке ашырууга болот. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.
Анын айтымында, Президенттин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” Жарлыгын, КРнын мектепке чейинки билим берү жана жалпы билим берүү уюмдарындагы балдардын улуттук, мекенчилдик жана жарандык аң-сезимин калыптандыруу жана бекемдөө максатындагы буйругуна ылайык жүзөгө ашырылууда.
“Мындан тышкары салтанаттуу, тарбиялык жана ар кандай сынактарды өткөрүүдө дагы мамлекеттик Гимни аткарылат. Билим берүү мекемелеринде окуучулардын жана тарбиялануучулардын Мамлекеттик символдордун маани-маңызын түшүнүүсү, аларга болгон урмат-сыйга тарбиялануусу, акырындап мамлекеттин идеологиясынын негиздерине тартуу, активдүү жарандык калыптануу, Мекенге болгон сүйүүнү жана урматты, анын өсүп-өнүгүп, гүлдөшүнө болгон жоопкерчиликти калыптандырууга багытталган”,- дейт.
Билим берүү уюмдарында окуучулар жана педагогдор мамлекеттик Гимнини оркестрдик, хордук болбосо вокалдык жана аспаптык вариантта аткарышы мүмкүн. Мында үн жана видеожазууну, ошондой эле теле жана радиоберүү каражаттарын колдонсо болот. Окуучулар жана жаштар, ошондой эле педагогикалык кызматкерлер арасында салтанаттуу иш-чараларда Мамлекеттик гимндин вокалдык жана аспаптык вариантта аткарылышын таркатуу максатка ылайык.
КРнын Гимни аткарылып жаткан убакта ордунан туруп, оң колду сол ыптасына жүрөк тушуна коюп, түз турат.
Барчын Мамытбекова