Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын түндүк тарабындагы Чек-Сайдан тартып Кара-Суу кыштоосуна чейин кетүүчү жолго шагыл төгүлүп, жайыт комитети тарабынан оңдоп-түзөлдү. Баетов айылындагы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары бир чакырым жолго 150 унаа шагыл ташып беришти.
Баеов айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Медер Асаналиевдин айтымында, айдоочулардын жардамы менен 3 чакырым жолго шагыл төшөлүп, грейдер менен түздөлдү.
“Айдоочулардан жардам сурадык эле, макул болушуп, шагыл ташып, төгүп беришти. Чаңы сапырыла берчү жолду аракет кылып бир аз оңдодук. Бир Камаз шагылдын баасы болжол менен 2500 сом турат. Жалпы 375 миң сом болмок. Бирок оор жүк ташуучу унааларга күйүүчү май гана куюп бердик. Каражат жайыт комитетинин бюджетинен берилди”,- деди.
Бул жол менен дыйкандар эгин, чөп аянттарына, ал эми бадачылар, мал баккандар кыштоого катташат.
Барчын Мамытбекова