Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда ата-энелерди окутуу мектеби ачылган. Мектепте кош бойлуу аялдарга медайым Жыпар Мамытбекова ар кандай кеп-кеңештерди берип, белгиленген учурларда атайын сабактарды өтүп турат.
Окутуу мектеби 2021-жылы Ага Хан Фонду тарабынан оңдоп түзөө иштери жасалып, жабдуулар алынып келинген. Жалпы суммасы 224миң 940сомду түзгөн.
“Кош бойлуу аялдардын жана анын өнөктөштөрүнүн (партнёрунун) төрөткө даярдоо-ата-энелер мектебинин негизи максаты. Кош бойлуу аялдардын төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки мезгилиндеги туура витаминдүү тамактануусу. Кош бойлуу мезгилиндеги ыңгайсыз шарттары жана кооптуу белгилери жөнүндө. Кош бойлуу мезгилинде гимнастика жасоо, толгоо учурунда туура дем алуусу жана ошол учурда өнөктөшүнүн кош бойлууга карата жардамы (массаж). Төрөттөн кийинки мезгили ымыркайды эмчеке туура салуу жана эмчек сүтүнүн артыкчылыгы тууралуу жана ошондой эле үй бүлөнү ыраатташтыруу жөнүндө окутулат.
Ата-энелерди окутуу мектеби 2021жылы Ага Хан Фондунун демилгеси тарабынан оңдоп түзөө жүргүзүлүп жана жабдууларга 224940сом менен ачылган. Кош бойлуу аялдар он эки жумасына чейин учетко олтурушат, ошол мезгилден баштап окутула башталат. Төрөткө чейин жогоруда айтылган 8 тема окутулуп бүтүрөт. Кош бойлуу аялдарга көнүгүүлөр үйрөтүлүп ошол кабинеттен кош бойлуу аялдар өздөрү да жазашат.
Барчын Мамытбекова