17-жашка чейинки күрөш боюнча Азия чемпионатында Кочкор районунун кыздары 3 коло медалга ээ болушту. Татаал күрөштө биздин спортчулар жалпы эсепте 3-орундарга ээ болуп,жеңишти Кыргызстанга алып беришти

Коло медалдардын ээлери
Бүгүн Кочкор жергесинин бийлик өкүлдөрү жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Курбанбек Камчиев 21-22 июнда Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатына катышкан спортчу кыздарын тосуп алышты.

Салтанаттуу тосу учуру
17-жашка чейинкилер арасында 40 мамлекеттен катышкан чемпионатында коло медалдардын ээлери Диана Амантурова,Нурлан кызы Жаркынай, Күмүшай Жооданбекованы Кочкор районунун эли тосуп алды.

Ыраазычылык кат тапшыруу учуру
Кочкор райондун башчысы спортчу кыздарга жана машыктыруучусуна ийгилик калоо менен баарына ыраазычылык кат тапшырды
Нурия Карымбаева