Жыл өткөн сайын экологияга зыян келтирүүчү факторлор көбөйүүдө. Атап айтсак, суунун булганышы таштандыны туш келди төгүү, желим баштыктар, пластик бөтөлкөлөр, малдын өлүгү. Мындан башка да себептерди атасак болот. Мисалы жапайы жаныбарлардын азайышы.

Биология мугалими- Эркин Түлөкеева
Бул темада Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин биология мугалими Эркин Түлөкеева менен маек курдук.
-Саламатсызбы? Өзүңүз жөнүндө маалымат берип кетсеңиз?
-Мен Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде биолог мугалими болуп эмгектенем. Университетти бүтүп келгенден бери ушул убакытка чейин эмгектенип келе жатам. 5-11 класстарга сабак берем. Биология сабагынын бардык курстарын окутуп, окуучуларга ботаника, зоология, анатомиядан сабак берем..
-Бүгүнкү биздин тема экология жөнүндө болмокчу. Бүгүнкү күндөгү экологиянын абалы кандай?
— Бүгүнкү күндө экологиянын абалы аябагандай чоң көйгөй болуп жатпайбы, цивилизациянын жана экономиканын өнүгүшүнүн натыйжасында фабрикалардын өсүшү, элдин санынын көбөйүшү экологияга билинбегени менен аябай терс таасирин тийгизип жатат. Бул адамдардын ден-соолугуна, жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө терс таасирин тийгизбей койгон жок.
-Жаныбарларга кандай таасирин тийгизет?
Мисалы үчүн жан-жаныбарлардын арасында аябагандай көп кездешкен коёндор, бакалар, кескелдириктер, жыландар ушул сыяктуу жаныбарлардын бара-бара азайып бара жаткандыгы көрүнүп эле турат. Мисалы, эң эле жөнөкөй баканы мисал кылалык. Бака-бул жерде, сууда жашоочу жаныбар. Биздин айланабызда саздар, көлчүктөр, арыктагы агын суулар абдан көп эле, ошолордо бакалардын жүргөнүн, көнөк баштардын жүргөнүн, кечинде чардагандарын угуп калаар элек. Үйгө кирип кетпесин деп боз үйлөрдүн эшиктерин жаап коёр элек, алар ошончолук көп болгондуктан үйгө кирип кетишчү. Кичинекей балдар агын сууларда, жай аккан сууларда көнөк баштар менен балык деп ойношчу. Бүгүнкү күндө жерде, сууда жашоо көбүрөөк кездешкен ушул бака да, бизге өтө сейрек кездешип калды.

Кызыл колтук баканын азайышы, адамдар аны дарычылыкка пайдаланышат
-Себеби эмнеде?
Себеби, эт кымбаттаганына байланыштуу адамдар коёндорду этине карап, аларга мергенчилик кылып санын азайтып жатышат, суурларды терисине карап азайтып коюшу мүмкүн, бакалардын адамдарга эмне таасири бар деп ойлошубуз мүмкүн бирок, ошондой болсо дагы тике болбосо дагы адамдардын таасири болуп жатат. Себеби дегенде ошол саздардагы сууларды бириктирип айдоо аянттарын суугарууга пайдаланып атышат, лотокторго чогултуп атышат, ушунун натыйжасында бара-бара саздардын кургашына алып келип жатат, арыктар дагы сууларды бириктирип, дагы ушул айдоо аянттарына пайдаланып, жайында эч бир арыктар ээн жаткан сууну көрбөйбүз. Азыр болсо кандай жер болбосун айдагандыктан жерлерге суу тартыш болуп жатат. Таза суу ичиш үчүн сууну хлордоп жатышат, ушунун натыйжасында дагы азайып жатат. А бакалар болсо жерде, сууда жашоочу жаныбар алардын териси жука, териси нымдалып турушу керек. Алар кургакта өпкөсү менен дем алат, сууда болсо териси менен дем алат бирок, ошондой болсо дагы алардын денеси дайыма нымдалып турушу керек.

Азыр жапайы коёнду сейрек кездештиребиз. Аларга аңчылык кылгандар көп.

Бул Мензбир сууру. Ага баалуу териси үчүн аңчылык кылышат, айрымдары этин жана майын дарычылыкка пайдаланат
Ошондой эле айыл арасындагы унаалардын көп болушунун натыйжасында дагы бакалар тебелендиде калууда. Мисалы үчүн кызыл колтук бака Кыргызстандын айрым жерлеринде эле кездешчү бака, аны рак оорусуна дарычылык кылып колдонсо болот деп, дарыгерлердин айтуусунун натыйжасында аны кармап жок кылышууда. Суунун тартыштыгы да жаныбарлардын азайышына алып келип жатат. Дагы кошумчулап кетейин адамдардын жаныбарларды себепсиз өлтүрө берүүсү, көлмөлөрдү соолутушу, агын суулардын жок болуп калуусу жаныбарлардын азайышына алып келип жатат. Жырткыч канаттуулардын көбүрөөк болушу да алардын азайышына себеп болууда. Бара-бара саздардын кургап, азайышы булардын жок болуу коркунучуна алып келиши мүмкүн. Көп жерде айдоо аянттарын тамчылатуу жолу менен сугарып атышпайбы, ал эми мурун болсо, агын суулар болчу алар ар кайсыл жерлерге, чуңкурларга токтоп калышчу ошол жерге уруктарын ташташып анан көбөйүшчү. Мындай шарттардын жок болушу жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жок болушуна алып келип жатат.
Аэлита Сейдакматова