Бүгүн Кочкор районундагы Кочкор айылында бүтүрүүчүлөргө арналган «Акыркы коңгуроо» салтанаты өткөрүлдү.Салтанатка бүгүнкү 9,11 класстын бүтүрүүчүлөрү, мугалимдер,ардактуу эс алууда жүргөн агай -эжейлер,Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Курбанбек Камчиев жана социалдык тармагынын орун басары Чинара Табылдиева,Кочкор айылынын айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү,Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Турсунбек Бактыгулов жана «Мирбек Нур» КФ жетекчиси Алмазбек Раев катышты.

Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде «Акыркы коңгуроо» салтанаты

Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиядагы «Акыркы коңгуроо» салтанатынан көз ирмем
Курбанбек Камчиев кийинки куттуктоо сөзүн бардык бүтүрүүчүлөргө жөнөтү:
«Өлкөбүздүн таланттуу жаштары катары силерди турмуш жолуна аттандырып жаткан ата- энеңер,мугалимдер менен чогуу биз дагы сыймыктанабыз…
Келечекте элибизге,жерибизге жакшы ийгиликтерди алып келген инсандар болот деп ишенебиз.Жолуңар ар дайым ачык болуп, чоң турмушка сапарыңар байсалдуу болсун!»

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык тармагынын орун басары Чинара Табылдиевадан бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо учуру

Кочкор айылынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Салтанат Чоргоева

«Мирбек Нур» КФ жетекчиси Алмазбек Раев «Кочкор Медиа» борборунун ыктыярчыларына грамота тапшыруу учуру

Ардактуу эс алуудагы эжейлер

Россия мамлекетинде тарых сабагынан өткөн онлайн конкурсунан 4-орун алган 9-а классынын окуучусу Кайрат Абдыкадыров жана тарых сабагынын мугалими Гулнара Жунушалиева

Бүтүрүүчүлөр үчүн акыркы коңгуроо
Канайым Мирланова