2022-жылдын 2-июнунда Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу жана Жаңы-Жол айылдарынын тургундарына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери кырсыктын кесепеттерин алдын алуу боюнча окутуу өткөзүштү.
Акыркы мезгилде Кыргызстанда табигый кырсыктардын катталуусу көбөйүүдө. Аларга катуу шамал, жер көчкү, кар көчкү жана сел кирет. Жаз айынын келиши менен жамгыр жаап, сел жүрүп, анын кесепетинен адамдар жана мал-жандык зыянга учуроодо. Кырсыктын кесепетин алдын-алуу максатында ӨКМ нин адистери жер-жерлерде окутууларды жүргүзүүдө.
Министрликтен келген адистер сел каптоо , жер титирөө, шамал, жер көчкү, көчкү, өрт кырсыктары тууралуу кенен маалымат беришип, өзгөчө кырдаалдар учурунда кандай чараларды көрүү жана сактануу керектигин үйрөтүштү. Мындан сырткары камсыздандыруу боюнча түшүндүрмө беришти. Тренингде видеолор да көрсөтүлдү. Окутууга айыл эли активдүү катышып, пайдалуу маалыматтарды алышты.

Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргоо бөлүмчөсүнүн башчысы Талант Мамбеталиев
Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргоо бөлүмчөсүнүн башчысы Талант Мамбеталиев бүгүнкү окутуунун максаты тууралуу буларга токтолду:
«Бүгүн биздин адистер Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу жана Ак-Кыя айыл өкмөттөрүнүн тургундарына КР ӨКМне караштуу «Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо» борборунун адистери тренинг өтүштү. Окутуунун максаты өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана өзүн-өзү алып жүрүү, сактануу жолдору боюнча окутууларды жүргүзүштү. Андан тышкары өрт коопсуздугун алдын алуу жана камсыздандыруу боюнча маалымат алышты».

Кара-Суу айылынын тургуну Алымкан Жунушова
Тренингдин катышуучусу, Кара-Суу айылынын тургуну Алымкан Жунушова:
«Окутуудан мурун билбеген көп маалыматтарды алдым. Табигый кырсык болгон учурда өзүмдү кантип алыш жүрүш керек, ага дайыма даяр болуш керек экендигин биле алдым. Себеби, адистердин айтуусу боюнча акыркы учурларда табигый кырсыктар көп катталып жатыптыр. Жаратылышка эс алууга чыкканда да табияттын өзгөрүүсүнө көз салып туруш керек экен. Мисалы, агып жаткан суу ылайланган жокпу, таштар бири-бирине урунуп чыккан үн жокпу жана ушул сыяктуу пайдалуу маалыматтарды алдым ».

КР ӨКМне караштуу «Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо» борборунун адиси тренинг учурунда

Айыл тургундары адистерге кызыккан суроолорун берип, жооп алышты

Өзгөчө кырдаал катталган учурда 112 кызматына кайрылуу керек

Жер титирөөлөр боюнча маалымат

Тренингде селден кантип сактануу тууралуу видео көрсөтүлдү
Бакыт Кожокматов