Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жаңы эс алуучу жай курулууда. Анын курулушун мектепти 20 жыл мурун бүткөн айыл тургундары колго алышты. Учурда эс алуучу жайдын айланасы тосулуп, 70 даана карагай отургузулду. Бүгүнкү күнгө бүткөрүлгөн жумуштун чыгымы 500 миң сомду түзүп, анын 250 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Эс алуучу жайдын сметалык баасы 1 млн 500 миң сом болоору пландалууда.
Эс алуучу жайдын аянты 17 сотых. Ал жерге балдар ойноочу, ачык асман астындагы машыгуучу жай (воркаут) жайгашат. Ошондой эле суу түтүктөрү киргизилип, жарыктандыруу орнотулуп, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул иштер этап менен жүргүзүлмөкчү. Эс алуучу жайдын ачылышы ушул жылдын май айына белгиленүүдө.
Илимбек Рысбеков