Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин ашканасына жеке ишкер Султанова Таалайкүл Асаналиевна жетишпеген идиш-аяктарды алып берди. Эске сала кетсек ашкана быйылкы окуу жылынын башталышы менен ишке кирип, кенже класстын окучуларына ысык тамак бериле баштаган.
Бул тууралуу мектеп директору Болот Бообек уулу буларды айтып берди:
«Быйылкы окуу жылынын башталышы менен 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак бериле баштады.Ашкана толугу менен керектүү жабдыктар менен жабдылган. Ошол эле учурда ашканада идиш-аяк жетишпей келген. Жеке ишкер, Кант шаарынын тургуну, биздин мектептин бүтүрүүчүсү Султанова Таалайкүл Асаналиевна демөөрчүлүк кылып, ашкананы идиш-аяк менен камсыз кылып берди. Тактап айтсак 100 даана тамак ичүүчү табак, 100 кружка, 100 кашык жана ошондой эле бычак, нан салгыч, нан, эт кесүүчү такталарды алып берди. Жалпы суммасы 10 миң сомду түздү. Учурдан пайдаланып Таалайкүл Асаналиевнанын ишине ийгилик, бекем ден соолук каалайм. Өзү окуп кеткен мектепке салым кошуп жатканына өзүмдүн жана мектеп жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдирем».
Нурай Калыгулова