Барскоон айылынын эки чоң көчөсүнө жол белгилери тартылды.Буга чейин бул белгилер жок болгондуктан айыл тургундарынын жашоосуна коркунучтар болгон.Бул иш чара райондук денгээлде көтөрүлгөн маселе болчу дейт Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Төлөнөвич:

«Авариялардан жанакы кырсыктардан тыйуу бойунча иш алып барып анан биздин Бишкектеги балдарыбызга ушул Барскоондук жигиттерибизге кайрылдык эле анан бизге жардам беришти чечиш керек болчу да бул койгойду.Буга чейин өзүнөр көргөндөй эле мынакей биздин ылдый жактан машина менен балдарды уруп кеткен каза болгон кичинекей балдарыбыз бар, знактар жок бул окуучу балдарыбыздын отүү маселеси жаралып атат үйлөрунө баягы центрлерге машиналар знактар турмайынча машинелердин өтүшү бул көйгөй болчу да.Казыбай Чылабаевтан баштап тиги трасага чейин азыр разметкасын коюуп атабыз бүгүн бүтөт болуш керек ар жак жагы азыр мен дагы барып көрүп келейин деп атам аяк бүтсө бул краска иштери андан кийин азыр баягы знактарды биз дагы сүйлөшүп атабыз изденип атабыз. Кудай буйурса светафор койсокпу деген бир ой болуп атат Казыбай Чылабаев менен Лелин көчөсүнүн кесилиши менен Чекиров көчөсүнүн кесилишине азыр ошол жакты изденип жатабыз анан бизде да бир биз бюджетке киргизгенбиз контрольдоп иш алып барып турганга видео наблюдение боюнча бул дагы бизге аябай жакшы жыйынтыктарды берип жатат кудай буйурса.»
Айыл тургуну Кенжекул Сыдыков жол белгилери мындан да көбүрөөк коюлса кырсыктар азаят деген оюн билдирди:

«Жол белгилеринин коюлушуна көз каршым түз. Дагы мындан да көбүрөөк белгилер болсо болмок. Бул деле , буга дагы кудайго шүгүр дешибиз керек, башка элдерге салыштырмалуу мында да жакшы иштер болуп жатат. Бирок мындан башка дагы жол белгилери кошумча коюлса болмок оң. Мисал үчүн лежячий полицейский деп коебуз. Ошлордон Барскоонго жок дегенде төрт жерине ошол жаткырылса андан бетер жакшы болмок, кырсыктар азыраак болмок деп ойлойм.
10 класстын окуучусу Нуржан Жаныбекова жол белгилери мектеп окуучулары учун пайдалуу болду дейт:

«Ушул убакка чейин айылда эч кандай ушундай жол белгилери коюлган эмес. Андан мурун болсо жол четинде жашаган үй бүлөлөрдө кичинекей балдары бар. Аларга дагы көчөгө ойногонго көп мүмкүнчүлүк болгон эмес. Эми азыр окуучулр өтүп атышат, азыркы жол кыймылынын эрежелери сактала бащтады деп ойлойм.
Алдыда дагы айыл окмоту тарабынан кочолорго жол чырактарын коюу маселеси турат.
Сюжетти даярдаган: Аэлита Муктарова жана Гульназ Рашидова.