«Таза экология- таза коом» дегендей экология таза болсо, коом да таза болот. Экологияны жашылдандыруудан тышкары, андагы көп жылдар бою чирибеген желим бөтөлкөлөр жана башка ушул сыяктуу таштандылар экологияны кирдетпей койбойт. Ушундан улам ар кандай оорулар козголушу мүмкүн. Коомду таза кармоо тазалык ишканалардын гана иши эмес. Экологияны таза кармоо ар бирибиздин милдетибиз. Учурда таштанды көйгөйү Барскоон айыл аймагындагы «Ак-Түз Тазалык» муниципалдык ишканасынын жардамы аркылуу аз да болсо чечилип келет. Аталган ишкананын жетекчиси Туйгунбек Касымалиев азыркы учурда жүрүп жаткан иштери тууралуу тааныштырды:
«Таштандылар айыл ичинде чындыгында көбөйүүдө. Бирок 2016 -жылы «Тазалык ишканасы ачылганы айыл ичинде Тазалык ишканасы иш алып барууда. Айыл ичи буюрса жакшы эле тазаланып калды. Элдер да мурункудай эмес кайдыгер көнүл карабай көңүлдөнүп жакшы мамиле кылып калышты. Көчөлөр, талаалар, көлдүн жээктери тазаланып калды деп ойлойм. Арыктын ичтери, талаалар таштандыларга толуп турчу эле. Азыркы учурда толугу менен тазаланып бүтпөсө дагы 60-70 пайызга тазаланды деп айта алам. Бирок эл деген эл экен, кайра алып барып эле төгүп салууда. Себеби, таштанды төгүүчү жай айылдан 2-2,5 чакырым алыстыкта болгондуктан ал жакка баруу кыйыныраак болууда. Биз ачкан таштанды төгүүчү жай 2 жылга жетпей толуп калды. Ошол себептерден иштөө убактысын 5-10- жылга созуу үчүн Россиянын заводдору менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде кайра иштетүүчү ишкананын станокторун алып келдик. Азыркы учурда айылдын чекесинде таштандыларды кайра иштетүүчү ишкананы ачып жатабыз. Ал кичи ишканадан кайра иштетип желим баштыктарды жана түтүктөрдү чыгаралы деген үмүтүбүз бар. Ал баштыктарды кайра айыл тургундарына таратып таштандыларды сорттоп салып берүүсүн суранып турат элек. Бул ишканабыз жакында ишке кирише баштаса, элдерибиз дагы таштандыларды өз-өзүнчө сорттоп берип турат деген терең ишеничтебиз».
Жаратылышты көздүн карегиндей сактоо керек. Коомдогу таштандылардан кантип арылууну жана өзүнүн идеясы менен тең бөлүшкөн эколог мугалими Аманкан Мамбетова өз оюн төмөндөгүдөй билдирди:
« Таштандылардын ачык жатышы мисалы, желим баштыктар жерде жатса, астындагы өсүмдүктөрдү тумчуктурат да жердин бетине өсүмдүк өсүп чыга албайт. Аба алмашууда дагы топурак токтоп калат. Көлгө эс алгандар көбүнчө бөтөлкөлөрдү алып барат, айнек идиштерди, желим баштыктарды алып барат анан ошолордун баарын албай таштап кетет. Жаан- чачын болгондо, шамал айдаганда, бриз болгондо алар көлгө кирет. Ал таштандылар көлгө киргенден кийин балырлардын өсүшүнө, балыктардын жашашына жана адамдардын таза көлгө түшүшүнө да терс таасирин тийгизет. Бирөөнүн тазалашын ар бир жаран күтпөш керек, анткени, жаратылышты таза кармоо ар бирибиздин колубузда. Айыл тургундары кийинки урпактарга жерибизди таза өткөрүп берүү үчүн эмнени пайдаланса, артынан дароо тазалап турса, жаратылышыбыз дагы таза болот эле. Келген конокторго, эс алуучу туристтерге дагы жагымдуу болот эле».
Көпчүлүк учурда экологияны эл өзү бузарын, кайрадан эле өздөрү жабыр тартаарын жана көчөлөргө таштанды челектери орнотулса жакшы боло тургандыгын Барскоон айылынын тургуну Ишенбай кызы Айнура айтып өттү:
« Айыл тургуну катары мен өзүмдүн көчөм жөнүндө айта кетсем, мурдагыга караганда таза болуп калды. Бирок бир көйгөй бар, ал таштандыларды үй ээлери көчөгө чыгарып коюшат, анан, иттер чачып кетет. Кээде үй ээси үйүндө жок болгон учурда таштанды машинасы албай кеткен учурлар да кездешет. Ошол себептерден көчөлөргө таштанды салуучу челектерди орнотсо жакшы болот эле деп ойлойм. Ал челектерди айыл өкмөт жасоого күчү жетпейт болуш керек. Ошону үчүн ар бир көчөнүн жашоочулары чогулуп туруп өздөрү жасап, квартал менен орнотушса жакшы болот эле деген ойдомун».
Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева
Макалада колдонулган фото материалдар «Барскоон FM» ЖМБ нын жеке сүрөттөрү
«Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин кѳз карашын чагылдырбайт».